Бир нече саат мурун АКШ президенти Дональд Трамп соцтармактагы билдирүүсүнөн эгер Иран Ормуз кысыгын бөгөттөөнү уланта берсе, Харг аралындагы аскердик объекттер бутага алынарын айтты.
Ирандын мунай экспорттоочу 5 негизги терминалынын бири ушул Харг аралында жайгашкан.
Эл аралык Kpler компаниясынын маалыматына ылайык, акыркы бир айда Харг аралындагы резервуарлардан мунай жүктөө көлөмү 1,5 эсеге көбөйгөн. Бул Иран аралга мүмкүн болгон чабуул сценарийине даярданып, мунай кампаларын ылдам бошотууга аракет кылганын көрсөтүшү мүмкүн.
Белгилей кетүүчү жагдай, Ирандагы 5 мунай терминалынан тышкары, Перс булуңунун жээгиндеги бардык өлкөлөрдө да маанилүү мунай экспорттук терминалдары бар.
Сауд Арабиясы
- Рас-Танура – дүйнөдөгү деңиз аркылуу мунай жүктөлүүчү эң ири борбор. Кубаттуулугу: күнүнө 6 млн баррель.
- Рас Аль-Джуифа – экинчи ири терминал. Кубаттуулугу: күнүнө 3 – 3,6 млн баррель.
Бириккен Араб Эмираттары
- Фуджайра порту – аймактагы ири порттордун бири жана эң чоң май куюучу борбор.
- Джебел Али порту – чийки мунай жана мунай-химиялык продукциялар экспорттолуучу порт.
Катар
- Рас Лаффан – дүйнөдөгү LNG (суюлтулган жаратылыш газы) экспорттоочу эң ири комплекс.
Кувейт
- Мина Аль-Ахмади – чийки мунай экспортунун негизги терминалы; терең пирстери жана чоң кубаттуулугу бар.
Бахрейн
- Ситра терминалы – кайра иштетилген мунай продуктуларын экспорттоочу терминал.
Буга чейин Израилдин аскердик чалгын кызматындагы Иран боюнча мурдагы бөлүм башчысы Денис Цитронович Харг аралына чабуул Перс булуңундагы чыңалууну күчөтөрүн билдирген.
«Жаман кабар айткым келбейт, бирок АКШ президентинин билдирүүлөрүнө карабастан, Иран багынбайт жана Ормуз кысыгы аркылуу толук эркин өтүүгө жол бербейт. Себеби Тегеран бул кысык согуштагы эң чоң стратегиялык рычагдарынын бири экенин жакшы түшүнөт»,- деп билдирген ал.
Анын айтымында, эгер АКШ Харг аралындагы же башка жерлердеги ири мунай объекттерин бутага алса, Иран Перс булуңунун бардык аймагында чыңалууну күчөтүшү мүмкүн.
Бул Вашингтондогу Ирандын стратегиялык ой жүгүртүүсүн түшүнбөгөндүктүн кезектеги мисалы. Иран бул кырдаалды жашоо үчүн күрөш катары көрөт жана асимметриялык мүмкүнчүлүктөрүнө таянат. Алардын бири — Хормуз кысыгын жабуу же бузуу коркунучу.
Ал күчтүүрөөк бомбалоо жана катуураак коркутуулар Ирандын эсеп-кысабын өзгөртүшү күмөн экенин, АКШ кагылышууну кеңейтсе, дүйнөлүк мунай баасынын өсүшүнө алып келиши мүмкүн экенин билдирген.























