Палестиналык ХАМАС кыймылынын өкүлү Халед Машаль эгер Израиль “бардык оккупацияланган жерлерден” чыгып кетсе, тынчтык сүйлөшүүлөрүнө мүмкүнчүлүк болорун Sky News телеканалына берген маегинде айтканын РИА Новости жазды.
Ал маегинде Израилди Газа тилкесиндеги чабуулдарды токтотууга жана анклавдан адамдарды күч менен көчүрүүнү токтотууга чакырды. Машаль ошондой эле чек аралардагы өткөрүү пунктары ачуу жана Газага гуманитардык жардамдарды өткөрүү зарылдыгын белгиледи.
ХАМАСтын өкүлү Израиль менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү мүмкүнчүлүгү дагы эле бар экенин баса белгиледи.
Анын айтымында, болгон окуянын негизги себеби оккупация. Ошондуктан Израил бардык оккупацияланган жерлерден чыгып кетиши керек, ошондо аларда мүмкүнчүлүктөр жана реалдуу мүмкүнчүлүктөр пайда болот.
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал 7-октябрда Газа тилкесинен ХАМАС Израилге каршы операция баштап, ракеталык чабуул жасагандан кийин кескин курчуду.
ХАМАС бул чабуулду Израиль режиминин Иерусалимдеги Аль-Акса мечитине каршы аракеттерине жооп катары баалашты. Израиль ХАМАСка жооп ирээтинде “Темир кылыч” операциясын баштап, Газадагы объекттерге анын ичинде жарандык объекттерге абадан сокку урууда. Ошондой эле Газа тилкесин толук блокадага алып, электр жарыгы, суу, азык-түлүк жана күйүүчү май өткөрүүнү токтоткон. Бирок 21-октябрдан бери Газа тилкесине Египеттин аймагы аркылуу гумжардамдын үч партиясы жеткирилди. БУУнун маалыматы боюнча, Газанын негизги муктаждыктарын канааттандыруу үчүн күн сайын 100дөй жүк ташуучу унаа кирип туруш керек.
Учурда Израиль Газадагы ХАМАСты жок кылуу үчүн кургактагы операцияга кам көрүп, палестиналык бир миллиондон ашык жай тургундарга Газанын түштүк тарабына эвакуацияланууга чакырууда.
Жаңжал курчугандан бери Газада каза болгондордун саны 5 миңден ашып, 15 миңден ашууну жараат алды. Израилде, жергиликтүү бийликтердин маалыматы боюнча, 1300дөн ашуун адам каза болгон.


















