Eurasiatoday
Жума, 20-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

ХАМАСтын чабуулу Израилдин 75 жылдык кылмыштарына жооп болду

  • Батыш Азия, Саясат
  • 17.10.2023 16:21

Loading

Израиль режиминин Ливан, Сирия, Египет жана Иордания элдерине каршы түрдүү согуштары, коңшулаш жерлердин бир бөлүгүн басып алуусу, Газадагы Палестина элинин курчоосу, Иордан дарыясынын батыш жээгине мыйзамсыз конуштарды курушу, Аль-Акса мечитин жана христиандардын ыйык жерлерин кордоосу, расалык басмырлоо саясаты жана журналисттерди өлтүрүүсү бул сионисттик режимдин кылмыштарынын бир бөлүгү гана.

Бул тууралуу Иран парламентинин спикери Мохаммад Багер Галибаф 16-октябрь күнү онлайн режиминде өткөн 14 ислам өлкөсүнүн парламенттеринин төрагаларынын кезексиз жыйынында билдирди.

Ал Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылынын (ХАМАСтын – ред.) акыркы операцияларында армиясын жеңилбес деп атаган Израиль ХАМАСтын ракеталарына жана “Аль-Акса топон суусу” операциясына туруштук бере албаганын белгиледи. Анын айтымында, израилдик режимдин бул аскердик жана чалгындоо тармагындагы ийгиликсиздигинен тышкары, коопсуздук түзүмүнө терең соккулар урулду жана аларды калыбына келтире алышы күмөн.

Тема боюнча

Израиль парламентинин вице-спикери палестиналык кесиптештерин мазактаганы үчүн төрт депутатты жыйын залынан чыгарды

Израиль парламентинин вице-спикери палестиналык кесиптештерин мазактаганы үчүн төрт депутатты жыйын залынан чыгарды

19.11.2026

“Бул операция сионисттик режимдин Палестина элине каршы 75 жылдык зулумдугуна жана кылмышына табигый жооп болду жана аймактан алыс жайгашкан өлкөлөр аймактагы окуялардан кабары жок болушу мүмкүн. Чындыгында, бул режим өзүн курмандык катары көрсөтүү менен Газа тилкесине жасаган чабуулун актай албайт”, – деди Галибаф.

Ал белгилегендей, Газаны блокадага алуу менен бул аймакка суу, электр энергиясын жана азык-түлүк берүүнүн токтотулушу геноциддин ачык мисалы. Мындан тышкары, тыюу салынган фосфордук бомбаларды колдонуу эл аралык конвенцияларды бузат.

Галибаф Израилдин Газадагы кылмышы токтобосо кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн экенин эскертти.

Ал соңку бир нече күндө дүйнө эли адамгерчилик эмне экенин билбеген израилдик режимдин палестиналыктарды айбан деп атап, карапайым калкты жана балдарды массалык жазалай турганын ачык айтуудан тартынбаганыны күбө болгонун кошумчалады.

“Газадагы кылмыштар тыйылбаса, кырдаал тез эле көзөмөлдөн чыгып кете турганын эскертебиз. Сионисттик режимдин Газага кириши тозок дарбазаларынын ачылышына себеп болушу мүмкүн жана ал бүт аймакты, ал тургай дүйнөнү да камтышы мүмкүн”, – деди Иран парламентинин спикери.

Ал ошондой эле Украинадагы согуш дүйнөнүн саясий келечегин өзгөрткөнүн айтып, аймакта дагы бир согуштун чыгышы тарыхты бир нече сааттын ичинде өзгөртүшү мүмкүн экенин эскертти.

Мындан тышкары, Галибаф Израиль жыл сайын Американын аскерий бюджетинен кеминде 3,3 миллиард доллар аларын жана ал каражатты аскердик курал-жарак сатып алууга жана палестиналыктардын укуктарын бузууга жумшай турганын айтып, АКШ сионисттик режимге аскердик жардам көрсөтүүнү улантуу менен адам укуктарынын бузулушуна терең шериктеш болууда деди.

Ал Ислам өлкөлөрүнүн парламенттери АКШдан Газа боюнча саясатын өзгөртүүнү жана блокаданы токтотууну, ошондой эле Палестина элинин дары-дармек жана азык-түлүккө болгон чукул муктаждыктарын эске алуу менен палестиндерге гуманитардык жардам жөнөтүү үчүн Газага кирүү жолдорунун тез арада ачылышын талап кылышы керек деди.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Израильиранкургактагы операцияМохаммад Багер Галибаф
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Ирандын абадан коргонуу күчтөрү Ормуз кысыгынын аймагында америкалык MQ-9 учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүрдү

Ирандын абадан коргонуу күчтөрү Ормуз кысыгынын аймагында америкалык MQ-9 учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүрдү

19.11.2026
Израиль парламентинин вице-спикери палестиналык кесиптештерин мазактаганы үчүн төрт депутатты жыйын залынан чыгарды

Израиль парламентинин вице-спикери палестиналык кесиптештерин мазактаганы үчүн төрт депутатты жыйын залынан чыгарды

19.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Кытай Ирандын эгемендигин колдойт жана санкцияларды жоюуга чакырат

Кытай Ирандын эгемендигин колдойт жана санкцияларды жоюуга чакырат

19.11.2026
Ирандын чек аралары каршылаш тараптын кысымына карабастан толук корголгон

Ирандын чек аралары каршылаш тараптын кысымына карабастан толук корголгон

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Иран америкалык аскерлерди Түштүк уюлга чейин сүрүп чыгарат

Иран америкалык аскерлерди Түштүк уюлга чейин сүрүп чыгарат

18.11.2026
Россия Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган соккуларды мыйзамсыз деп атап, чыңалууну басаңдатууга чакырды

Россия Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган соккуларды мыйзамсыз деп атап, чыңалууну басаңдатууга чакырды

18.11.2026
Аракчи: Ирандын Вашингтондо химиялык курал колдонору тууралуу айыптоолор — курулай сөз

Аракчи: Ирандын Вашингтондо химиялык курал колдонору тууралуу айыптоолор — курулай сөз

18.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
217 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.