Eurasiatoday
Шаршемби, 18-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

ХАМАС менен Израиль элдешүүнүн мөөнөтүн дагы бир күнгө узартты

  • Батыш Азия, Дүйнө
  • 30.11.2023 16:50

Loading

Палестиналык ХАМАС кыймылы менен Израиль элдешүүнүн мөөнөтүн дагы бир күнгө узартты. Буга чейин гуманитардык тыныгуу бир гана жолу — 27-ноябрда эки күндүк мөөнөткө узартылган.

Израиль элдешүү бир күнгө узартылганын ырастады. Израиль ок атышпоо режимин узартууга ХАМАС кыймылы 29-ноябрда бошотууну пландап жаткан барымтадагы 10 адамдын жаңы тезмесин бергенден кийин макул болгон.

Кийинчерээк ХАМАС жана Катар ушундай эле шарттарда элдешүү бир күнгө узартылганын ырасташты.

Тема боюнча

Guardian: Израиль палестиналыктарга көз салуу үчүн Amazon компаниясынын технологияларын колдонууда: булут сактагычка 3,5 миллион сүрөт жүктөлгөн

Guardian: Израиль палестиналыктарга көз салуу үчүн Amazon компаниясынын технологияларын колдонууда: булут сактагычка 3,5 миллион сүрөт жүктөлгөн

17.11.2026

Аскердик операциядагы тыныгуу бүгүн 30-ноябрь эртең менен саат 07:00дө аякташы керек болчу. Анын алдында ХАМАС кыймылы барымтадагы жети аялды жана балдарды бошотууну, ошондой эле  каза болгон дагы үч израилдик жарандын сөөгүн берүүнү сунуштаганын, бирок Израиль аны четке какканын билдирген. Келишимге ылайык, ХАМАС бир күндө кеминде 10 барымтадагы адамды бошотууга тийиш. Израиль да өз кезегинде ар бир 10 кишинин бошотулушуна, 30 палестиналык туткунду бошотот.

Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы согуш 55-күндөн бери уланууда. 7-октябрь эртең менен палестиналык ХАМАС кыймылы «Аль-Акса Топон суусу» операциясынын алкагында Израилге Газа тилкесинен болуп көрбөгөндөй масштабдуу ракеталык чабуул жасады. Андан соң кыймылдын жоокерлери Израилдин түштүгүндөгү чек ара аймактарына кирип,  200дөн ашуун адамды барымтага алышкан. Израиль бийлигинин акыркы маалыматтарына караганда, 1,2 миңге жакын адам набыт болду, алардын катарында жай тургундар, аскерлер, чет элдик жарандар бар. Ошондой эле 5 миңден ашууну жарадар болгону кабарланган.

Буга жооп катары Израилдин Коргонуу күчтөрү Газа тилкесинде ХАМАСка каршы «Темир кылыч» операциясын баштады. Бир нече күндүн ичинде Израиль армиясы Газа менен чек арага жакын жайгашкан бардык калктуу аймактарды көзөмөлгө алып, Газага абадан сокку ура баштады. Израиль андан сырткары,  Газа тилкесин толук блокадага алганын жарыялады: суу, тамак-аш, электр энергиясы, дары-дармек жана күйүүчү май менен камсыздоо токтотулду.

Октябрдын аягында Израиль Газада кургактагы операциясын баштады. Израилдин Газага жасаган соккуларынан каза болгондордун саны 14,8 миңден ашты, 36 миңден ашуун адам жараат алды.

24-ноябрда Израиль менен ХАМАС Катардын жана Египеттин ортомчулугу менен төрт күндүк элдешүүгө макул болушкан. Макулдашуу ошол эле күнү жергиликтүү убакыт менен саат 7.00дө күчүнө кирген. Анын алкагында, тараптар төрт күнгө согуштук аракеттердин бардык түрүн токтотуп, туткундарды алмашууда. Башкача айтканда, барымтадагы бир израилдик үч палестиналык туткунга алмаштырылат. Бул аралыкта Газа секторуна гуманитардык жана медициналык жардам өткөрүлүп турат.

Биринчи этаптын алкагында 25-ноярда ХАМАС кыймылы барымтадагы 12 таиланддык жана 13 израилдикти бошотуп, Израиль 39 палестиналыкты – 24 аял жана 15 жашы жете элек өспүрүмдү кое берген. 26-ноябрда ХАМАС Эл аралык Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрүнө барымтадагылардын үчүнчү тобун өткөрүп берген. Алардын арасында Израилдин 14, Таиланддын үч жараны бар. Ушул эле күнү Израиль түрмөдөгү дагы 39 палестиналыкты бошоткон.

29-ноябрь күнү кечинде ХАМАС барымтадагы 14 кишини бошоткон. Алардын 10у Израилдин, экөө Таиланддын жарандары экени айтылган. Анын алдында Россия менен Израилдин кош жарандыгы бар эки аял бошотулганы айтылган. Буга жооп катары Израиль 30 палестиналык – 15 аял жана 15 өспүрүмдү бошоткон.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: алмашууИзраильок атышпоотуткунХамас
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Израиль маалыматтык өнөктүктүн жардамы менен Иранга каршы психологиялык согуш жүргүзүүдө

Израиль маалыматтык өнөктүктүн жардамы менен Иранга каршы психологиялык согуш жүргүзүүдө

17.11.2026
Guardian: Израиль палестиналыктарга көз салуу үчүн Amazon компаниясынын технологияларын колдонууда: булут сактагычка 3,5 миллион сүрөт жүктөлгөн

Guardian: Израиль палестиналыктарга көз салуу үчүн Amazon компаниясынын технологияларын колдонууда: булут сактагычка 3,5 миллион сүрөт жүктөлгөн

17.11.2026
Израиль Меккеге чабуул жасап, жоопкерчиликти йемендик хуситтерге жүктөөнү көздөгөнбү?

Израиль Меккеге чабуул жасап, жоопкерчиликти йемендик хуситтерге жүктөөнү көздөгөнбү?

16.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Ульянов: Батыш Иран маселесин саясатташтыруу менен МАГАТЭнин бейтараптуулугуна доо кетирди

Ульянов: Батыш Иран маселесин саясатташтыруу менен МАГАТЭнин бейтараптуулугуна доо кетирди

16.11.2026
«Nvidia» компаниясындагы жаңжал: Израил менен кандай байланышы бар?

«Nvidia» компаниясындагы жаңжал: Израил менен кандай байланышы бар?

13.11.2026
Израилдик ЖМКлар: Трамп менен Нетаньяху телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда бири-бирине кыйкырышкан

Израилдик ЖМКлар: Трамп менен Нетаньяху телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда бири-бирине кыйкырышкан

13.11.2026
Израилде Беннет Нетаньяхунун жеңилгенин жарыялап, коалиция түзүү планын билдирди

Израилде Беннет Нетаньяхунун жеңилгенин жарыялап, коалиция түзүү планын билдирди

29.10.2026
Израилдеги шайлоо: Нетаньяхунун блогу алдыда, бирок бийлик маселеси чечиле элек

Израилдеги шайлоо: Нетаньяхунун блогу алдыда, бирок бийлик маселеси чечиле элек

29.10.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
215 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.