Израилдин Министрлер Кабинети 18-майда Израиль менен Иорданиянын ортосундагы чек арада коопсуздук дубалын куруу планын жактырды. Коргоо министрлиги менен Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) сунуштаган план Голан дөңсөөлөрүнүн түштүк бөлүгүнөн Израилдин түштүгүнө чейин 425 километрге созулган көп катмарлуу коргонуу системасын түзүүнү камтыйт.
Буга байланыштуу палестиналык ХАМАС кыймылы дароо билдирүү жасап, баскынчы режимдин мурда курган коопсуздук дубалы долбоорлору Палестина элинин каршылык көрсөтүүсү алдында ийгиликсиз болгонун жана бул ийгиликсиздик жаңы коопсуздук дубалынын курулушу менен дагы кайталана турганын билдирди.
“Сионисттик баскынчы министрлер кабинетинин Иордания менен чыгыш чек арасына коопсуздук дубалын куруу келишими алардын Палестина элине, жерине жана ыйык жерлерине каршы өсүп жаткан кылмыштарынын жана зулумдуктарынын кесепеттеринен иммунитетти камсыздай албайт. Тескерисинче, баскынчылардын конуштарды куруу пландары Палестинаны боштондукка чыгаруунун бирден-бир натыйжалуу жолу катары Палестина элинин каршылык көрсөтүү жолунда өжөрлүгүн күчтөндүрөт”, – деп айтылат билдирүүдө.
Палестиналык кыймыл баскынчылардын пландарына жана алардын күчөп бараткан кылмыштарына каршы бирдиктүү жана чечкиндүү араб жана ислам позициясын түзүүгө, алардын аймактагы экспансионизмден жана үстөмдүк кылуудан башка максаты жок колониялык долбоорлорун жана пландарын бузуу үчүн баскынчыларга кысым көрсөтүүгө чакырды.


















