Палестиналык ХАМАС кыймылы Израиль менен АКШнын жарандыгына ээ болгон туткунду бошотту.
ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, бул тууралуу ХАМАСтын Telegram-каналында жарыяланган билдирүүдө айтылат.
«Бир аз мурун ХАМАСтын аскердик канаты болгон “Иззэддин аль-Кассам бригадалары” Израиль жана АКШ жарандыгы бар Идан Александр аттуу туткунду бошотту», — деп жазылат билдирүүдө.
Өз кезегинде Al Hadath телеканалы кабарлагандай, Идан Александр Эл аралык Кызыл Крест комитетинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген жана учурда алар менен бирге Израилге жол тартууда. Ал жакта аны АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткофф күтүп жатканы кабарланууда.


















