Палестиналык ХАМАС кыймылы Газа тилкесинде ок атышууну токтотуу боюнча келишим түзүүгө даяр экенин ырастады жана учурда Израил тараптан жооп күтүп жатканын билдирди. Бул тууралуу кыймылдын лидерлеринин бири Абдель Рахман Шадид билдирди.
ТАСС агенттигинин маалыматына ылайык, анын кайрылуусун Al Jazeera телеканалы түз алып көрсөттү.
«ХАМАС келишим түзүүгө даяр экенин ырастайт жана бул боюнча толук сунушун берип койгон. Бирок Израил сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү болушуна тоскоолдук кылууда. Азыр топ алардын талаасында», – деп белгиледи Шадид.


















