Палестиналык ХАМАС кыймылынын тарапташтары Эл аралык Кызыл чырым комитетинин кызматкерлерине барымтада каза болгон израилдик туткундардын сөөгүн өткөрүп беришти.
Сөөктөрдү өткөрүп берүү Газа шаарында болуп, ал жараянды Al Jazeera телеканалы түз эфирде көрсөттү.
Канча туткундун сөөгү өткөрүлүп берилгени жана алардын ысымдары азырынча жарыялана элек. Кызыл чырым уюмунун унаалары израилдик аскерлердин позицияларына жол тартты.
Өз кезегинде Израил коргонуу армиясынын (ЦАХАЛ) өкүлү Авихай Эдри X социалдык тармагында араб тилинде жазган билдирүүсүндө, аскерлердин маалыматы боюнча ХАМАС Кызыл Чырымга төрт табыттагы туткундардын сөөгүн өткөрүп бергенин билдирди. Ал ХАМАС “келишимдин бардык шарттарын аткарып, бардык туткундарды мекенине кайтаруу үчүн аракет кылууга тийиш” экенин баса белгиледи.
Буга чейин, 14-октябрда, Кызыл чырым уюмунун өкүлү Кристиан Кардон израилдик туткундардын сөөгүн кайтаруу процесси татаал экенин жана убакыт талап кыларын айткан. Ошондой эле ал айрым сөөктөр табылбай калышы мүмкүн экенин да четке каккан эмес.
Ошол эле учурда, ХАМАС өкүлү Хазем Касем Al Hadath телеканалына берген маегинде кыймыл “туткундардын сөөгүн өткөрүп берүүдө кыйынчылыктар бар экенин ортомчуларга билдиргенин” айткан. Бирок ал ХАМАС “келишимдин бардык шарттарын аткарууга берилген” экенин да баса белгилеген.
13-октябрдын кечинде да Газада каза болгон туткундардын төрт табыты Кызыл чырым кызматкерлери аркылуу израилдик тарапка өткөрүлүп берилген. Ошол эле күндүн таңында Газада калган акыркы 20 тирүү туткун бошотулуп, Израилге кайтарылган. Андан кийин ХАМАСтын колунда 28 каза болгон туткундардын сөөгү калган. Алардын бардыгы жакын арада Газа боюнча тынчтык келишиминин алкагында өткөрүлүп берилүүгө тийиш.


















