Дүйнөдөгү өлкөлөрдүн жогорку аскердик чыгымдары алардын жарандарынын бакубат жашоосуна эмес, өлүмгө көбүрөөк инвестиция салып жатканын көрсөтөт.
Бул тууралуу БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш билдирди.
«Кызмат көрсөтүүлөрдүн соодасы өсүп жаткан учурда, биз товарлар боюнча соода согуштарынын коркунучунун күчөп жатканын байкап жатабыз. Ал эми аскердик чыгымдардагы тенденциялар көрсөтүп тургандай, биз барган сайын адамдардын жыргалчылыгы менен өнүгүүсүнө эмес, өлүмгө көбүрөөк инвестиция салып жатабыз», — деди ал БУУнун Соода жана өнүгүү боюнча конференциясынын (ЮНКТАД) 16-сессиясында.
«Ошол эле учурда геосаясий келишпестиктер, теңсиздик, климаттык кризис жана жаңы же узакка созулган кагылышуулар дүйнөлүк экономика боюнча жайылып баратат», — деп кошумчалады Гутерриш.
ЮНКТАДдын 16-сессиясы 20–23-октябрь күндөрү Женева шаарында өтүүдө. Ага 100дөн ашык өлкөнүн делегациялары катышып, алардын арасында 60ка жакын министр жана 40тай министрдин орун басары бар. Алар адилеттүү, инклюзивдүү жана туруктуу өнүгүү максатында экономикалык өзгөрүүлөрдү стимулдаштыруу жолдорун талкуулашууда. Бул иш-чара ар төрт жылда бир жолу өткөрүлөт.



















