Грузия парламентинин юридикалык комитети “чет элдик өкүл” боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды, деп билдирди оппозициячыл депутат Екатерина Херхеулидзе.
«Комитеттин жыйыны саат 9.00дө башталып, туура эки мүнөттөн кийин аяктады. Юридикалык комитет (грузин парламентинин – ред.) документке эки мүнөттө кол койду”, – деди Херхеулидзе брифинг учурунда.
Грузияда “чет элдик өкүл” мыйзамын башкаруучу партия болуп турган “Грузин кыялы” сунуштоодо.
Мыйзам долбоору грузин коомчулугунда нааразычылыктарды жаратты, оппозиция ага каршы чыгып, дээрлик бир айдан бери күн сайын борбор калаа Тбилисиде митингдерди уюштуруууда.
Күн мурун демонстранттар чогулуп, дүйшөмбү күнү эртең менен парламенттин юридикалык комитетинин жыйынына келген депутаттарды жактырбоо менен тосуп алуу үчүн Руставели проспектисинде түнөштү.
Атайын күчтөр демонстранттарды артка кайтарууга жетишип, парламентарийлердин имаратка кирүүсүнө мүмкүнчүлүк беришти.
Талаштуу мыйзам
2023-жылдын 7-мартында Грузиянын парламенти чет элдик агенттер жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. Андан улам өлкөнүн борбору Тбилисиде массалык митингдер башталып, полиция аларды көздөн жаш агызуучу газ жана суу аткычтар менен таратууга аргасыз болгон.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ал күндөрү манифестацияларда 133 адам кармалган. Кийинчерээк бийлик документти кайра чакыртып алган.
Бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы 3-апрелде “Чет элдик таасирдин ачыктыгы жөнүндө” мыйзам долбоорун кайра сунуштады. Текстте “Чет өлкөлүк таасирдеги агент” дегендин ордуна “чет өлкөлүк күчтүн кызыкчылыгын көздөгөн уюм” деген термин колдонулат. Мыйзам долбоорунун калган бөлүктөрү өзгөрүүсүз калды.
Демилге кирешеси, атап айтканда каржылоосунун 20%дан көбү сырт жактан келүүчү коммерциялык эмес юридикалык жактарды жана ЖМКларды каттоону карайт. Мындан тышкары, “чет элдик күчтөрдүн кызыкчылыгын” көздөгөн бардык уюмдар мамлекеттик реестрден катталууга тийиш.
Өлкө парламенти 17-апрелде мыйзам долбоорун биринчи окууда 83 добуш менен кабыл алган.
30-апрелде парламенттин жалпы жыйынында мыйзам долбоору экинчи окуудагы талкууга коюлду. Андан мурунку күнү аны юридикалык комитет колдоп берген.
Мыйзамды өлкө парламенти 1-майда экинчи окууда колдоп берген. Президент Саломе Зурабишвили, оппозиция жана батыш дипломаттары ага каршы чыгып, аны республиканын Евробиримдикке интеграциялоосуна тоскоолдук катары баалашууда. Зурабишвили мыйзам долбоору үч окууда тең кабыл алынса, ага вето коё турганын билдирген.



















