Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Вадефуль Израилге болгон сапары учурунда Федеративдүү Республика Газа секторунда ачарчылыкка туш болгон калкка жардам көрсөтүүнү кеңейтээрин жана БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына (WFP) кошумча €5 млн бөлөрүн жарыялады. Бул тууралуу Германия ТИМи билдирди.
«Биз Газа секторундагы калкты колдоо үчүн Дүйнөлүк азык-түлүк программасына кошумча €5 млн бөлөбүз», — деди Вадефуль.
«Бул каражат наабайканаларды жана коомдук тамак-аш пункттарын колдоо аркылуу жергиликтүү калкты нан жана ысык тамак менен камсыздоого көмөктөшөт».
Министр белгилегендей, «Гуманитардык кырдаал Газа секторунда дароо токтотулушу керек».
Ошол эле маалда Вадефуль Израиль өкмөтүн БУУ жана анын мекемелери менен гуманитардык кызматташтыкты кайра жандандырууга чакырды. Ал ХАМАС кыймылынын колуна жардамдын бир бөлүгү түшүп калышы мүмкүн экенин четке каккан жок. Бирок мындайча кошумчалады:
«Гуманитардык кырдаал ушунчалык оор болгондуктан, кошумча тоскоолдуктарды жаратуу туура эмес. Зыяндуу колдонууга жол бербөөнүн эң жакшы жолу — Газага мүмкүн болушунча көп жардам жеткирүү».
Германиянын ТИМинин маалыматы боюнча, 2023-жылдын октябрында согуш башталгандан бери, Германия тарабынан палестин аймактарына көрсөтүлгөн гуманитардык жардамдын көлөмү €330 млн ашкан, анын 95% Газа калкына багытталган.
Бирок 2025-жылдын 2-мартынан тартып, Газа секторуна эл аралык гуманитардык уюмдар жана БУУ мекемелери аркылуу гуманитардык жардам дээрлик токтогон.
Май айында Израиль АКШнын колдоосу менен салттуу жардам таратуу механизмине альтернативдүү схема иштеп чыккан. Бул схемага ылайык, Газага гуманитардык жардам берүү укугу «Газанын гуманитардык фондусуна» берилген. Бул фонд өз алдынча таратуу борборлорун түзүп, азык-түлүк жана керектүү товарларды бөлүштүрөт.
Бирок бул ыкма эл аралык уюмдар тарабынан кескин сынга алынган. Негизги нааразычылык — бөлүштүрүү борборлорунун согуш жүрүп жаткан аймактардан алыс, “коопсуз зоналарда”, тагыраагы, Газанын түштүгүндө жайгаштырылганы. Эксперттер мындай ыкма калкты мажбурлап көчүрүүгө алып келиши мүмкүн деп кооптонушууда.

















