Газа тилкесинде акыркы эки жылда жүргөн согуш жана курчоо аймактагы гуманитардык кырдаалды кескин оорлотту. Өзгөчө суу тартыштыгы — бүгүнкү күндө эң курч сезилген көйгөй. Аль-Магази лагериндеги миңдеген адамдар күнүнө эмес, жума бою 4 литрге жетпеген суу менен жашоого аргасыз болууда. Бул адамдардын күнүмдүк турмушуна гана эмес, ден соолугуна да түздөн-түз коркунуч жаратууда.
Эл аралык уюмдардын маалыматына караганда, акыркы эки жыл ичиндеги согуш жана Израил армиясынын курчоосу Газанын суу жана канализация системаларынын кеминде 85–90 пайызын толугу менен талкалаган.
Ирандык “Tasnim” агенттигинин Газа тилкесиндеги кабарчысы Айя Жуда билдиргендей, согуштан кийин бул аймак күтүлгөндөн да оор суунун жетишсиздигине туш болду. Суу түтүктөрү бузулган, көптөгөн суу сактагычтар жана ичүүчү суу кудуктары булганган. Тузсуздандыруучу ишканалар күйүүчү майдын жоктугунан жана электрдин өчүшүнөн ишин токтоткон. Айрым конуштарда 10 күндөн ашык убакыттан бери суу жок болуп, тургундардын күнүнүн көп бөлүгү суу таратуучу пункттарда узун кезекти күтүүгө кетүүдө.
Аль-Магази муниципалитетинин башчысы Мухаммад Сабри Муслах ок атуу токтогону менен, адамдардын суу табуу азабы ого бетер күчөгөнүн, тургундар суу издеп узак жол басууга аргасыз болуп жатканын билдирди.
Анын айтымында, кээ бир аймактарда ар бир жаранга жумасына бир күн гана суу берүү квотасы бар.
Ал суу кризисинин ден соолукка тийгизген кесепетин да белгилеп өттү. Анын айтымында, айрыкча жер которгондор арасында санитардык абал начарлап, оорулар көбөйдү. Ооруканалар дезинфекциялык каражаттарды үнөмдөөгө аракеттенүүдө. Балдар арасында тери жана ичеги оорулары күчөп, таза суу жетишсиздиги алардын өмүрүнө коркунуч жаратууда.
“Азыркы учурда ымыркайлар менен балдардын терисиндеги көптөгөн инфекциялар бактериалдык же башка инфекциялык себептерден келип чыгууда. Мунун баары санитардык шарттын өтө начарлашынан болууда. Себеби көйгөйдү чечүүнүн реалдуу мүмкүнчүлүгү жок. Саркынды суулар үйлөрдүн жана чатырлардын арасына агып жатат. Эл колдонуучу суу да булганган, анын адам үчүн коопсуз экенин эч ким айта албайт”, – дейт Газадагы педиатр Шариф Матар.
Суунун катуу жетишсиздигине карабастан, палестиналыктардын өз мекенинде жашоого болгон эрки өчө элек жана көптөгөн ыктыярдуу топтор бузулган канализация түтүктөрүн оңдоо үчүн күнү-түнү иштеп жатышат. Жаштардын демилгеси менен чакан тузсуздандыруучу орнотмолор курулуп, жабыркаган райондорго үмүт кайтып келе баштады. Газа азырынча суусунун суу менен эмес, эрк жана чыдамкайлык менен кандырууда.
Аль-Магази районунун тургуну жана суу жеткирүү демилгелерине катышкан Махмуд Абу-Муслим мобилдик суу ташуучу цистерналар аркылуу тузсуздандырылган сууну муктаждарга жеткирүү боюнча бир нече долбоорду ишке ашырып жатышканын билдирди. Анын максат — жарадар болгон үй-бүлөлөргө жана лагер ичиндеги тургундарга таза суу жеткирүү болуп саналат.
Азыркы тапта Газада жеткиликтүү болгон суунун көлөмү болжол менен 100 миң куб метрди гана түзөт. Бул эки миллионго жакын калктын муктаждыгынын болгону 15 пайызын жабат.
ХАМАС кыймылынын 2023-жылдын 7-октябрында Израилге каршы жүргүзгөн “Аль-Акса бороону” операциясына чейин иштеп келген 88 суу кудугунун ичинен азыр болгону 17си гана иштеп жатат. Ошондой эле, таза суу камсыз кылган көптөгөн борборлор күйүүчү майдын жоктугунан, электрэнергиянын үзгүлтүккө учурашынан жана запастык бөлүктөрдүн жетишсиздигинен улам ишин токтоткон.

















