Израилдин кол салуулары жана блокадасы астында Газада масштабдуу гуманитардык кризис жүрүп жатат жана ар бир үчүнчү тургун бир нече күндөн бери тамак-аш ала элек. Алар азык-түлүк жардамын алууга аракет кылган адамдарды аткылашууда.
Бул тууралуу БУУнун баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары жана чукул жардам көрсөтүү боюнча координатор Том Флетчердин билдирүүсү БУУнун расмий сайтына жарыяланды.
Ал тез арада гуманитардык жардам көрсөтүүгө жана Палестинанын эксклавында узак мөөнөттүү ок атышпоо режимин орнотуу керек экендигин билдирди.
“Флетчер Израилдин кол салуулары жана блокадасы астында Газада масштабдуу гуманитардык кризистин жүрүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, азык-түлүк жардамын алууга аракет кылган адамдарды аткылашууда, ал эми балдар көз алдыбызда өлүп жатышат”,- деп айтылат маалыматта.
Флетчер жардамды жеткирүү кечеңдетилип, тосулуп же ок астында жүргүзүлбөшү керек деп эсептейт. Ал ошондой эле гуманитардык конвойлордун чек арадан тез өтүшүнө жана жардам күткөн адамдарга кол салууларды токтотууга чакырды.
Ошону менен катар карапайым калктын азап-кайгысын токтотуу үчүн туруктуу ок атышпоо режимин орнотуу зарылдыгын белгиледи.
Израилдин гуманитардык жардамга уруксат берүү үчүн блокаданы жеңилдетүү чечимине комментарий берип жатып, Флетчер ден-соолуктагы катастрофалык кризисти жана ресурстардын жетишсиздигин алдын алуу үчүн чоң көлөмдөгү жардам керектигин билдирген.
Буга чейин Израилдин армиясы Газа тилкесиндеги оор гуманитардык кырдаалга байланыштуу эл аралык кысым күчөгөн шартта Газанын калк жыш жайгашкан үч аймагында “согуштук аракеттерге жергиликтүү тактикалык тыныгуу” жарыялаган.
Газа тилкеси оор гуманитардык кризисти баштан кечирүүдө
Башка маалыматтарга караганда, Израилдин блокадасы жана тынымсыз чабуулдары астында Газа тилкеси оор гуманитардык кризисти баштан кечирүүдө. Ачкачылык күч алууда, суу, дары-дармек, медициналык буюмдар жана гигиеналык каражаттар жетишсиз. Балдар менен карапайым калк арасында жоготуулар өсүп жатат.
Муну жергиликтүү жана эл аралык уюмдар Израилди ачкачылык менен суунун тартыштыгын курал катары пайдаланып жатат деп айыпташууда.
Кол салуулардын, жарандык инфраструктуранын кыйратылышынын жана көчүрүү буйруктарынын натыйжасында Газанын 2 миллион 300 миң тургунунун 2 миллиондон ашыгы үй-жайсыз калган.
Израилдин аба күчтөрүнүн күн сайын жасаган чабуулдары качкындардын лагерлерин жана жарандык объектилерди жок кылууну улантып жатат.
2023-жылдын 7-октябрынан бери Израилдин аскерлеринин Газага жасаган чабуулдарынан кеминде 59 821 палестиналык набыт болуп, 144 851ден ашууну жараат алды.
Мусулмандар газалыктарга тамак-аш бөтөлкөлөрүн деңизге ыргытышууда
Мындан эки күн мурун Газада бөбөктөрдүн ачкалыктан курман болушуна чыдай албаган египеттик мусулмандар ичинде бөбөктөр үчүн кургак сүт салынган бөтөлкө идиштерди “Мисир калкынан Газага” деген жазуусу менен деңизге агызып жаткан видео социалдык тармактарга тарады.
Бирок Израил буга чейин гуманитардык жардамга ошондой эле деңизге жакын барууга да тыюу салган.
Хуситтер Израилге каршы деңиз блокадасынын төртүнчү этабын жарыялады
РБК басылмасы жазган маалыматка караганда, Йемендик хуситтер Израилдин Газа тилкесиндеги агрессиясына каршы чыгып, Израил порттору менен өз ара аракеттенген бардык кемелерге кол салуу ниетин жарыялашты.
Алар Израилге каршы деңиз блокадасынын төртүнчү этабынын башталганын жарыялап, “улуту же жайгашкан жерине карабастан Израилдин порттору менен иш алып барган компанияларга тиешелүү бардык кемелерди бутага алышарын” Йемен шиит Ансар Алланын аскерий өкүлү Яхья Сариа билдирди.
Ал Израилдин портторуна кандайдыр бир жол менен байланышкан бардык компаниялар дароо алар менен иш жүргүзүүнү токтотуусу керектигин эскертти.
“Болбосо алардын кемелери, кайда барбасын ракеталарыбыз жана учкучсуз учактарыбыз аларга жете алган жерлерге чейин бутага алынат”, – деди хуситтердин аскерий өкүлү Al Masirah телеканалы жарыялаган билдирүүдө.
Ошондой эле ал бардык өлкөлөрдү Газадагы курчоону алып салышы үчүн Израилге кысым көрсөтүүгө чакырды.
Сарианын айтымында, хуситтердин аракеттери Палестина, Газа элдерин колдоо боюнча моралдык жана гуманитардык милдетти чагылдырат.





















