Газадагы азык-түлүк кризисинен каза болгондордун саны 227ге жетти, алардын 103ү балдар. Бул тууралуу Палестинанын жарым эксклавынын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
“Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы 24 саатта ачарчылыктан жана жетишсиз тамактануудан беш өлүмдү каттады, анын ичинде экөө бала. Муну менен ачкачылыктан каза болгондордун саны 227ге жетти, анын ичинде 103 бала”, — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Газа тилкесинин бийликтеринин маалыматы боюнча, 2025-жылдын башынан бери Газада ачарчылыктан 173 адам, 2024-жылы 50 адам, андан мурунку жылда дагы төрт киши каза болгон.
Газанын администрациясынын маалыматы боюнча, 27-июлдан 10-августка чейин палестиналыктарга гуманитардык жардам жеткирүүнү жарым-жартылай калыбына келтиргенден кийин Израил жарым эксклавга 1334 жүк ташуучу унааны киргизүүгө уруксат берген. Бул көлөм калктын жардамга болгон муктаждыгынын 14% дан ашпаганын камтыйт. Алардын эсеби боюнча, сектордун жашоочуларынын тамак-ашка, негизги керектөөлөргө, күйүүчү майга жана дары-дармекке болгон минималдуу муктаждыктарын канааттандыруу үчүн күн сайын секторго 600гө жакын жүк ташуучу унаалар киргизилиши керек.
БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк 5-августта Израилдин Газадагы жарандарга азык-түлүк бербөөсү адамзатка каршы кылмыш деп эсептелиши мүмкүн экенин айткан.
Ал Израил Газага гуманитардык жардам киргизүүнү катуу чектөөнү улантып жатканын, уруксат берилген жардамдын көлөмү аз экенин билдирген.
















