Акыркы эки жыл ичинде Израил күчтөрүнүн тынымсыз аткылоосунан кийин Газа тилкесинин аймагында 20 миңден кем эмес жарылбай калган артиллериялык снаряддар, бомбалар жана миналар калган.
Бул тууралуу Газа администрациясынын маалымат кызматынын өкүлү билдиди.
«Алдын ала баалоолор боюнча, азыркы учурда кыйраган имараттардын урандыларынын астында, калктуу конуштардын көчөлөрүндөгү үйүлгөн таштандылардын арасында Израил армиясы тарабынан Газаны аткылоодо колдонулган 20 миңден кем эмес жарылуу коркунучу бар заттар — артснаряддар, миналар, бомбалар жана ракеталар бар», — деди ал. Анын сөзүн Maan агенттиги келтирген.
Маалымат кызматынын өкүлү белгилегендей, жарылбай калган ок-дарылар «өз үйлөрүнө кайтып жаткан жергиликтүү тургундар үчүн да, ошондой эле урандыларды тазалоо иштерине катыша турган жумушчулар менен адистер үчүн да реалдуу коркунуч жаратат».
Анын айтымында, «урандыларды тазалоого чейин дээрлик бардык калктуу конуштарда инженердик-сапёрдук текшерүү жүргүзүү абдан зарыл».
Ошондой эле Газа администрациясынын маалымат кызматынын маалыматы боюнча, азыр Газада 65–70 миллион тонна курулуш калдыктары, имараттардын урандылары, өнөр жай жана турак жайлардын, ошондой эле шаардык инфраструктуранын бузулган бөлүктөрү жатат.
Мындан мурда Handicap International аттуу эл аралык уюмдун өкүлү (жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу жана мина жарылууларынан жабыркагандарга жардам берүү менен алектенет) билдиргендей, 2023-жылдын октябрынан бери жаңжал башталгандан тарта Израил күчтөрү Газанын аймагына болжол менен 70 миң тонна снаряд жана бомба таштаган.
Бириккен Улуттар Уюмунун адистештирилген түзүмүнүн талдоосуна ылайык, Израил тарабынан Газанын үстүнө түшүрүлгөн снаряддар менен бомбалардын 5%дан 10%га чейинкиси жарылбай калган.




















