Газада ачкачылыктан каза болгондордун саны 271ге жетти, алардын 112си балдар. Бул тууралуу 21-августта Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
“Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы 24 саатта ачкачылыктан жана жетишсиз тамактануудан эки өлүмдү каттады. Муну менене ачкачылыктан каза болгондордун саны 271ге жетти, алардын 112си балдар”, — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Газа администрациясынын маалыматына караганда, Израил 27-июлдан 20-августка чейин палестиналыктарга гуманитардык жардам жеткирүүнү жарым-жартылай калыбына келтиргенден кийин анклавга 2187 жүк ташуучу унаанын киришине уруксат берилген, бул калктын жардамга муктаждыгынын 15%ын гана жабат.
Ошол эле учурда Израиль тилкеге жүздөгөн тамак-аш азыктарынын, анын ичинде кызыл эт, балык, жумуртка, мөмө-жемиштер жана жашылчалар, кээ бир сүт азыктары жана тамак-аш кошулмалары сыяктуу маанилүү тамак-аштарды киргизүүгө тыюу салууда.
Жергиликтүү бийликтердин айтымында, сектордун жашоочуларынын тамак-ашка, негизги керектөөлөргө, күйүүчү майга жана дары-дармекке болгон минималдуу муктаждыктарын канааттандыруу үчүн күн сайын секторго гуманитардык жардам менен 600гө жакын жүк ташуучу унаалар киргизилиши керек.
БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк 5-августта Израилдин Газадагы жарандарга азык-түлүк бербөөсү адамзатка каршы кылмыш болушу мүмкүн экенин айткан.


















