Газа тилкесинде Израил менен согуш башталгандан бери 40 миңден ашуун адам набыт болуп, жарадарлардын саны 92,4 миңге жеткенин анклавдын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Израил армиясынын акыркы 24 саатта жасаган чабуулдарынын натыйжасында 40 киши набыт болуп, дагы 107 киши жарадар болду. Жабыркагандардын айрымдары дагы эле урандылардын астында жана тез жардам бригадалары жете албаган жолдордо.
Газа тилкесиндеги согуш палестиналык ХАМАС кыймылы 2023-жылдын 7-октябрында Израилге кол салгандан кийин башталган. Ошол күнү 1,3 миңден ашуун израилдик каза болуп, дагы 1 миңге жакын адам жарадар болгон.


















