Бүгүн, 26-июнда, Азия футбол конфедерациясынын баш кеңсесинде футзал боюнча 2026-жылкы Азия Кубогунун тандап алуу оюндарына чучукулак тартуу аземи өттү.
Жыйынтыгында, командалар 8 тайпага бөлүндү. Кыргызстандын футзал боюнча Улуттук курамасы «F» тайпасына туш болду. Тайпадагы атаандаштар: Өзбекстан, Чыгыш Тимор жана Палестина курамалары экени аныкталды.
Азия биринчилигинин «F» тайпасындагы тандап алуу оюндары быйыл 16-28 сентябрда Бишкек шаарында өтөт.
Финалдык баскычка тайпалардын сап башын ээлеген 8 команда, экинчи орундарын ээлеген 7 мыкты курама жана турнирдин ээси жолдомо алат. Баары болуп турнирге континенттин 16 командасы катышат.
Белгилей кетсек, Азия Кубогунун финалдык баскычы Индонезияда өткөрүлөт.


















