11-июнда, Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылы өтө турган Дүйнө Чемпионатына тандап алуу турларынын үчүнчү баскычына жана 2027-жылы Сауд Арабиясында боло турган Азия Кубогунун финалдык беттештерине катышууга жолдомо алды.
Мындай ийгиликти дүйнөлүк мундиалга тандап алуунун экинчи баскычынын 6-жыйынтыктоочу турунда Омандын улуттук курамасы менен 11-июндагы беттешинде жаратты. Анда командалар 1:1 эсебинде тең чыгып, Оман 13 упай менен тайпада 1-орунду, ал эми Кыргызстандын командасы 11 упай менен экинчи орунду камсыздашты.
Оюн курч мүнөздө өттү. Беттештин башында “ак шумкарлар” басым жасоо менен баштап, 19-мүнөттө Муралимжон Ахмедовдун бурчтан чыгарып берүүсүнөн кийин Элдияр Зарыпбековдун тепкен тобу гол жаратты.
Мындан кийин атаандаштар да басымын күчөтүп, топко ээлик кылуу 50/50 пайды камсыздап турушту. Ошентип оюндун биринчи бөлүгү Кыргызстандын курамасынын пайдасына жыйынтыкталды.
Ал эми экинчи бөлүктө да оюн эки тараптын катуу басымдарынын үстүндө башталып, бирок 57-мүнөттө Эржан Токотаевге тийген топ автоголго айланды. Беттештин калган бөлүгү күчтүү тиреште өткөн менен гол жаралган жок. Жыйынтыгында 1:1 эсебинде жыйынтыкталды.
«D» тайпасынын калган командалары: Малайзия (10 упай), Кытайлык Тайбэй (0 упай) менен кийинки баскычтарга өтө алышпай, жүрүшүн токтотушту.
Ошентип Кыргызстандын улуттук курамасы Азиянын эң мыкты 18 командасынын ичине кирди. Алдыда алардын ар бири 6 командадан 3 топко бөлүнөт. Беттештер 2024-жылдын сентябрынан 2025-жылдын июнуна чейин болот.

















