26-майда Кыргызстандын U-17 өспүрүмдөр курамасы Өзбекстанда өтүп жаткан CAFA U-17 Championship 2025 турниринде экинчи оюнун өткөрүп, Ирандын командасын 4:3 эсебинде утуп алды.
Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен маалымдашты.
Оюндагы голдорду Элбек Төлөнөв, Байэл Мирланов, Бекзат Казаков жана Улукбек Ишенбаев киргизишти.
Муну менен Кыргызстандын U-17 өспүрүмдөр курамасы 4:3 эсебинде жеңишке жетип, турнирде алгачкы 3 упайга ээ болушту.
24-майда Ташкентте башталган турнир, 31-майга чейин уланат.
Турнирге алты өлкөнүн: Кыргызстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Иран, Ооганстан жана Өзбекстандын командалары катышууда. Мелдеш А жана В болгон эки тайпада өткөрүлөт. Кыргызстан, Өзбекстан жана Иран курама командалары А тайпасында болсо, В тайпасында Ооганстан, Тажикстан жана Түркмөнстан бар.
Биринчи турда кыргыз курамасы Өзбекстан курамасы менен беттешип, 1:5 эсебинде утулуп калган.
Турнирдин жобосуна ылайык, тайпалык баскычта командалар айлампа менен ойношот. Тайпалык этаптын жыйынтыгы менен 5-орун, 3-орун жана финалдык беттештин катышуучулары аныкталат.

















