Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-раундундагы 2-турунда Өзбекстан курамасы менен ойноп, 2:3 эсебинде жеңилип калды.
Беттеш 10-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өттү.
Оюндагы голдорду Кыргызстан тараптан Жоэл Кожо (15-мүнөт) менен Одилжан Абдурахманов (35-мүнөт) киргизди.

“Ак Шумкарларды” колдоп-сүрөөгө миңдеген спорт сүйүүчүлөр келишти.

Мындан тышкары, оюнга президент Садыр Жапаров, Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жана башка мамлекеттик кызматкерлери күйөрмандык кылышты.

Эске салсак, буга чейин “Ак шумкарлар” Ирандын Улуттук курамасы менен 5-сентябрда беттешип, 1:0 эсебинде жеңилген.
Эми “Ак шумкарлар” 10-октябрда Катардын Улуттук курамасы менен конокто беттешет. Ал эми 15-октябрда Түндүк Кореянын футболчуларын өз үйүбүздө кабыл алабыз.
Мындан сырткары, кыргыз футболчулары 14-ноябрда БАЭ менен конокто беттеш өткөрсө, 19-ноябрда Иранды Бишкекте кабыл алат. Ошону менен 2024-жылдагы оюндар жыйынтыкталат.
2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандап алуу раундунун экинчи турунан кийинки «А» тайпасынын турнирдик жадыбалы

Дүйнө чемпионатына тандап алуу турунун үчүнчү раундунда Азиянын 18 курамасы алты командадан турган үч тайпага бөлүнгөн. Кыргызстан “А” тобуна Иран, Катар, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ), жана Түндүк Корея менен бөлүнгөн.
Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы менен ар бир тайпадан эң мыкты эки команда Дүйнө биринчилигине автоматтык түрдө жолдомо алышат. Үчүнчү, төртүнчү орунду алгандар кийинки раундга өтөт. Бул төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучу аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу Дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөшөт



















