2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо этабындагы кезектеги оюн нейтралдуу талаада өтөт. Тактап айтканда, тандоо оюнунун үчүнчү айлампасынын алкагында Түндүк Корея менен Кыргызстандын курама командаларынын беттеши Сауд Аравиясынын Эр-Рияд шаарында болмокчу.
Бул тууралуу Корей Эл-Демократиялык футбол ассоциациясы маалымдаганын Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Түндүк Корея аталган мундиалга тандап алуу турларында өз үйдө кабыл алуучу беттештерин бейтарап аймактарда өткөрүп келет.
Учурда беттеш өтүүчү стадион жана оюн баштала турган так убакыт тууралуу маалыматтар кийинчерээк жарыяланары кабарланды.
Буга чейин Кыргызстан бул беттешти Өзбекстанда өткөрүүнү сунуштаган. Бирок акыркы чечимди Корей Эл-Демократиялык футбол ассоциациясы кабыл алгандыктан, Ташкентте өткөрүлбөй калды.
Азыр өз тайпасында 5-орунда бараткан “Ак шумкарлар” кийинки айлампага өтүү үчүн алдыда боло турган 2 оюнда максималдуу упай алууга шыктанып турушат. Тактап айтканда, Түндүк Кореянын футболчулары менен ушул жылдын 5-июнунда конокто ойносо, Бириккен Араб Эмиратынын оюнчуларын 10-июнда өз үйүндө кабыл алат.
“Ак шумкарлар” буга чейин Азиянын учурдагы чемпиону Катардын футболчуларын 3-1ге жеңип, сенсация жараткан.




















