Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы (U-20) Борбордук Азия чемпионатын (CAFA) жеңиш менен баштады.
Алардын биринчи оюну кечээ, 5-июлда, Жалал-Абад шаарынын “Курманбек” стадионунда өтүп, тайпалык этаптын 1-турунда Ооганстандан келген теңтуштарын 4:0 эсебинде жеңип алышты.
Голдорду Умар Мадаминов (9), Ырыскелди Маданов (62), Арген Эмилбеков (77) жана Кайрат Абдирасулов (86) киргизишти.
Жаштар курамасынын беттешине Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев да күбө болду. Анын уулу Эмир-Хан Кыдыршаев курамага чакыруу алган. Ал Улуттук курамдагы алгачкы оюнун запастагы отургучта баштап, экинчи таймда оюнга чыкты.
Эми турнирдин үчүнчү айлампадагы беттешинде биздикилер 9-июлда Тажикстандын командасы менен беттешет.
Бул чемпионатта алгачкы жол VAR системасы колдонулдууда. Калыстар тобунда ФИФАнын калысы Медербек Тайчиев (Кыргызстан), ал эми ага каптал сызыгында Сергей Грищенко (Кыргызстан) менен Сайед Садат (Ооганстан) жардам көрсөтүшүдө. Ал эми Насрулло Кабиров (Тажикстан) запаста турат.
Кыргызстандык Вероника Бернацкая – VAR калыстарынын жардамчысы, Гулмуроди Садулло (Тажикстан), видеокайталоо оператору – Саидов Жахонгир (Өзбекстан), матчтын инспектору Бахадыр Кочкаров (Кыргызстан), Канат Асенов – матчтын комиссары кызматтарын аркалашууда.
20 жаштагы жаштардын Борбор Азия чемпионатынын алкагында Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Иран жана Ооганстандын футбол командалары 2 тайпага бөлүнгөн. Чемпионат 5-12-июль күндөрү өткөрүлөт.




















