Казакстандын футбол боюнча курама командасы 2024-жылкы Европа чемпиондугуна тандоо оюнунда Түндүк Ирландия курамасын 1:0 эсебинде утуп алды.
Мароккодогу жер титирөөдөн курман болгондорду эскерүү менен башталган оюнда жеңиштик голду 27-мүнөттө Максим Самородов киргизди.
Казакстан курамасы “Н” тайпасындагы бир беттеш аз ойногон 12 упай менен алдыңкы орунда бараткан Финляндияны кууп жетти. Эми тандоо раундунун кезектеги беттешинде орусиялык машыктыруучу Магомед Адиев жетектеген Казакстан курамасы 14-октябрда конокто Дания менен ойнойт. Мында да жакшы жыйынтык көрсөтө алышса, Европа чемпиондугуна жолдомо алууга чоң мүмкүнчүлүк жаралат.
“Н” тайпасында Казакстандан сырткары, Финляндия, Дания, Словения, Түштүк Ирландия жана Сан-Марио курамалары бар. Азыр казакстандыктар 12 упайга ээ болуп, экинчи орунда баратат.
Астана шаарында болгон беттешке Казакстан президенти Касым-Жоомарт Токаев да күйөрмандык кылды. Акырында жеңүүчү өз командасын куттуктап, футболчулар менен баалашты.
Бул жеңиш казакстандыктар үчүн чоң майрам болду. Жеңишти кызуу майрамдап, интернете көптөгөн куттуктоолор айтылууда.
Эске сала кетсек, Казакстан футболдо Азияга эмес Европа футбол конфедерациясына кошулуп алган. Анткени алар оюнчулардын деңгээлин көтөрүү максатында, ушундай кадам кылышкан.