Бүгүн, 19-ноябрда, Бишкек шаарындагы Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курама командасы Иран Ислам Республикасынын футбол командасын каршы алат. Оюн кечки саат 20:00дө башталат. Бул беттеш 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында өтөт.
ФИФА рейтингинде 103-орунда турган Кыргызстан үчүн бул тизменин 19-орунунда жайгашкан Ирандын командасы менен беттешүү оңойго турбайт. Анын үстүнө алар Азиянын эң алдыңкы курамасы катары да белгилүү.
Кыргызстан Футбол боюнча Дүйнө чемпионатына Азия чөлкөмүнөн 3-раунддагы тандоо оюндарында “А” тобуна кирип, анын курамына Иран, Катар, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары жана Түндүк Корея кошулган. Азырынча тайпада Кыргызстан 3 упай менен 5-орунда баратат.
3-раунддун алкагында Кыргыз футболчулары буга чейин 5 оюн өткөрүштү. Алгач ушул жылдын 5-сентябрында Иран менен (1:0) конокто беттешсе, 10-сентябрда Өзбекстан менен (2:3) өз үйүндө кез келген. Андан кийин 10-октябрда Катарда (3:1) ойноп, 15-октябрда Бишкекте Түндүк Кореяны (1:0) жеңген жана 14-ноябрдагы Бириккен Араб Эмиратында болгон оюн (3:0) жеңилүү менен аяктаган. Ал эми бүгун, 19-ноябрда, Бишкекте Иран менен жооптук беттеште кез келет. Андан кийинки оюндар 2025-жылдын март айынан баштап уланат.
Кошумчалай кетсек, 2026-жылы АКШ, Мексика жана Канадада өтө турган Дүйнө чемпионатына биринчи жолу 48 курама команда катыша турган болууда. Бул жолу Азия чөлкөмүнөн Дүйнө чемпионатына катышууга сегиз командага мүмкүнчүлүк берилген.
Бул раунддагы тандоо оюндарына Азия чөлкөмүнөн 18 курама алтыдан үч тайпага бөлүнгөн. Оюндар үйдө жана конокто өтүп, тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалар Дүйнө чемпионатына жолдомо алышат. Ал эми үчүнчү жана төртүнчү орунду ээлеген алты команда төртүнчү баскычта ич ара эки тайпага бөлүнүп ойноп, уткан эки команда чемпионатка жолдомо алат.
Үчүнчү раунддагы тандоо оюндары, кийинки жылдын июнь айында аяктайт. 4-5-раунддагы тандоо оюндары 2025-жылдын ноябрь айына чейин созулат.

















