17-апрель күнү Бишкек шаарынын Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда ата мекендик «Абдыш-Ата» командасы АФК Кубогунун 2023/2024 интерзоналдык финалынынын биринчи беттешин өткөрдү. Анда алар австралиялык «Централ Кост Меринерс» клубу менен кез келип, оюн тең чыгуу менен аяктады.
Беттештин биринчи бөлүгү голсуз жыйынтыкталды. Экинчи бөлүк дагы салыштырмалуу командалардын тең тирешүүсү менен өттү. Бирок топко 65 пайыз ээлик кылуу менен кыргызстандыктар үстөм келди. Оюндун жүрүшүндө “Абдыш-Атанын” футболчулары 5 жолу сары айып кагазы менен жазаланса, австралиялыктар мындай эскертүү да, ал тургай бурчтан чыгарып берүү мүмкүнчүлүгүн да алышкан жок. Ал эми биздикилер 7 жолу бурчтан тебишти.
Оюндун 80-мүнөтүндө австралиялык клуб стандарттык абалдан гол жаратууга жетишти. Эсеп: 0:1.
Ал эми, канттык клубдун жарым коргоочусу Магамед Узденов оюндун аяктаарына жакын калганда, т.а. 90+3-мүнөтүндө эсеп санын теңеп кетти. Ошону менен беттеш 1-1 эсебинде, клубдардын тең чыгуусу менен аяктады.
Эми жооптук беттеш 24-апрелде Госфорддо (Австралия) өтөт.
Бул жуптуктун жеңүүчүсү финалда Батыш зонанын чемпиону менен кез келет. Аталган зонанын чемпиону наамы үчүн «Аль-Ахед» (Ливан) жана «Аль-Нахда» (Оман) клубдары ат салышууда.
Кошумчалай кетсек, АФКнын регламентине ылайык, АФК Кубогунун финалына чыгып, биринчи орунду алган клуб 1,5 млн, экинчи орунду алган клуб 750 миң долларга ээ болот.

















