Бир катар европалык мамлекеттер НАТОнун баш катчысы Марк Рюттенин АКШ президенти Дональд Трампдын Иранга карата саясатын колдогон билдирүүлөрүнө нааразычылык билдиришти. Бул тууралуу Financial Times дипломаттарга таянып жазды.
Алардын айтымында, Рюттенин Европанын айрым өлкөлөрү Ормуз кысыгындагы операцияга катышышы мүмкүн деген сунушу аларды «ыңгайсыз абалга» койду, анткени Евробиримдик мындай жаңжалга аралашууга даяр эмес.
Басылма белгилегендей, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушу жана мунай менен газдын баасынын кескин өсүшү Европада тынчсызданууну күчөттү. Бул жагдай НАТОнун баш катчысынын комментарийлерине карама-каршы келет — ал Вашингтон альянстын иштерине катышуусун улантышы үчүн АКШ лидерине жагууга аракет кылып жатат деп айтылат маалыматта.
Дипломаттар Рюттенин сөздөрү менен Европанын көпчүлүк борборлорунун позициясынын ортосундагы айырмачылыкка тынчсызданып жатышканын билдиришти. Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башчысы Кая Каллас болуп жаткан окуялар «Европанын согушу эмес» экенин баса белгилеген. Бул позицияны Германия, Италия жана Испаниянын өкүлдөрү да колдошкон.
Ошол эле учурда НАТОнун өкүлү альянс түздөн-түз согуштук аракеттерге катышпай турганын, бирок кырдаалды көзөмөлдөп жатканын билдирген.
28-февралда АКШ менен Израиль Иранга каршы аскердик операция баштаган. Соккулар Ирандын ири шаарларына, анын ичинде Тегеранга жасалган. Ислам революциясынын сакчылар корпусу (ИРСК) жооп иретинде кеңири масштабдагы операция жүргүзүп, Израилди бутага алган. Ошондой эле АКШнын Бахрейн, Иордания, Катар, Кувейт, БАЭ жана Сауд Аравиясындагы объектилерине соккулар жасалууда.
11-мартта Иран Куралдуу күчтөрүнүн «Хатам аль-Анбия» борбордук штабынын өкүлү Ормуз кысыгы аркылуу АКШга жана анын союздаштарына тиешелүү мунай жүктөрүн өткөрбөй турганын билдирген.















