Франциянын түштүк-чыгышындагы Корба түрмөсүндө 20 жаштагы камактагы адам сумканын ичине жашынып, жаза мөөнөтү бүткөн камералашы менен кошо түрмөдөн чыгып кеткен.
BFMTV телеканалы кабарлагандай, качуу фактысы түрмө жетекчилиги тарабынан бир күндөн кийин гана аныкталган.
Жаш жигит адам сатуу, уурулук жана уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы боюнча бир нече кылмыш үчүн жаза өтөп жаткан. Анын камерасында дагы эки адам болгон, алардын бири 11-июлда бошотулган.
Пенитенциардык мекеме бул окуя боюнча ички териштирүү иштерин баштады. Мекеменин башчысы Себастьен Ковэль BFMTVге мындай деди:
“Бул өтө сейрек кездешүүчү окуя жана ал олуттуу кемчиликтердин бар экенин көрсөтүп турат.”
Болжолдоолорго ылайык, түрмөнүн ашыкча толушу — качууну байкабай калууга себеп болгон. Түрмө администрациясынын өкүлү билдиргендей, мекеме 170%га чейин толуп калган.
Мындан тышкары, бул качуу фактысы боюнча өзүнчө иликтөө да башталып, аны Рона департаментинин Улуттук полициясынын ведомстволор аралык башкармалыгы (DIPN) жүргүзүүдө.



















