Франция Ливан калкына жардам берүү үчүн 100 миллион евро каржылык колдоо көрсөтүүнү пландаштырууда.
ТАСС кабарлагандай, бул тууралуу өлкөнүн президенти Эммануэль Макрон Ливанды колдоо боюнча Парижде өткөн эл аралык конференцияда билдирди.
«БУУ Ливанга 426 миллион евро бөлүүгө чакырды», – деп белгиледи француз лидери.
Ал ошондой эле Франция “Ливандын армиясын камсыздоого салым кошо турганын” кошумчалады. Мындан тышкары, президенттин айтымында, Париж Ливандын куралдуу күчтөрүнө кошумча 6 миң аскерди тартуу планын кубаттайт.



















