Франция банкы 129 тонна алтынды 12,8 миллиард еврого сатып, бул металлдын баасы өскөндүктөн олуттуу киреше тапты.
Бул өзүнчө эле өзгөчө окуя болмок эмес, бирок кеп АКШнын Федералдык резерв системасында сакталган улуттук резервдин акыркы бөлүгү жөнүндө болуп жатат. Бул тууралуу француз жөнгө салуучусу билдирип, аны Radio France Internationale (RFI) да жарыялаган.
Алтын 2025-жылдын июль айынан 2026-жылдын январь айына чейин сатылган. Бир жолку эмес, бир нече бүтүм аркылуу сатылып, түшкөн каражатка Европада ошол эле көлөмдө жаңы алтын сатып алынып, Парижде сактоого коюлган.
2005-жылдан бери Франция банкы эски стандартка туура келбеген алтын куймаларын эл аралык заманбап талаптарга жооп бергендерге алмаштырып келет. АКШда калган алтынды кайра эритип ташып келүүнүн ордуна, аны сатып, Европа рыногунан талапка жооп берген жаңы алтын сатып алуу чечими кабыл алынган.
Жалпысынан 26 бүтүм жүргүзүлүп, банк баалардын рекорддук өсүшүнөн пайдаланып, олуттуу киреше алган.
Учурда Франциянын алтын кору болжол менен 2437 тоннаны түзөт — бул дүйнөдө төртүнчү орун. Ал толугу менен Парижде сакталат. Анын ичинде 134 тонна эски куймалар жана монеталар бар, аларды 2028-жылга чейин заманбап стандартка келтирүү пландалууда.
Франция банкынын башчысы Франсуа Виллеруа де Гало бул чечим саясий себептер менен кабыл алынбаганын белгиледи. Анын айтымында, Европа рыногунда сапаты жогору алтын айланууда жана жаңы алтын сатып алуу бар корду кайра иштетүүгө караганда жеңилирээк.
Ошол эле учурда Германияда, дүйнөдө экинчи орундагы алтын коруна ээ өлкөдө, айрым экономисттер өкмөттү Франциянын мисалын кайталоого чакырууда. Бул Дональд Трамп жүргүзүп жаткан «болжолдоого кыйын» саясатка байланыштуу экени айтылууда.
Бундесбанк АКШда дагы эле болжол менен 1236 тонна алтын сактайт (жалпы көлөмдүн 37 пайызы).
Германиянын салык төлөөчүлөр ассоциациясынын башчысы Михаэль Йегер: «Трамп алдын ала болжолдоого болбой турган адам жана пайда үчүн бардык нерсеге даяр. Ошондуктан биздин алтын ФКС сактоочу жайларында коопсуз эмес», — деп билдирди.
Бул темада январь айында Европарламенттин коопсуздук жана коргонуу комитетинин төрайымы Мари-Агнес Штрак-Циммерман да чыгып, Германиянын алтын корун АКШдан кайтарууну талап кылган.
Белгилей кетсек, Бундесбанк мурда да чет өлкөлөрдөн алтынды акырындап кайтарып келген. 2013–2017-жылдары Нью-Йорк жана Парижден алтын корунун бир бөлүгү кайтарылган.
Германиядан тышкары, жакынкы убакка чейин Франция сыяктуу эле Италия да алтын корунун чоң бөлүгүн АКШда сактап келген — болжол менен 1060 тонна (жалпы көлөмдүн 43 пайызы).
Италияда да алтынды кайтаруу боюнча талкуулар жүрүп жатат, бирок азырынча иш жүзүндө чаралар көрүлө элек. Азыркы премьер-министр Джорджа Мелони оппозицияда жүргөндө алтынды кайтарууга убада берген, бирок 2022-жылы бийликке келгенден кийин бул теманы көтөргөн эмес.
Нидерланды 2014-жылы Нью-Йорктон 122,5 тонна алтынды кайтарып алган. Бул чечим финансылык туруктуулук үчүн алтынды «өз көзөмөлүндө кармоо» максатында кабыл алынган. Бирок дагы 190 тоннасы (жалпы кордун 31 пайызы) АКШда сакталууда.
Ошондой эле АКШда Бельгия жана Швейцария сыяктуу өлкөлөрдүн да олуттуу көлөмдөгү алтын корлору бар. Бирок алардын так көлөмү жана келечектеги пландары ачык айтылган эмес.


















