Филиппиндерде күчү 7,4 баллдык жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:43тө (Астана убактысы менен 06:43тө) катталды, деп билдирет Kazinform агенттиги ТАССка шилтеме жасап.
Азырынча кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу маалымат түшө элек.
Филиппиндердин вулканология жана сейсмология институту магнитудасы 2,6дан 4,9га чейинки кайра толкундоолорду (афтершокторду) каттоону улантууда.
Мекеме ошондой эле чыгыш Давао, чыгыш Самар, түштүк Лейте жана түндүк Суригао провинцияларында кыйратуучу цунаминин коркунучу тууралуу эскертүү чыгарып, жээкке жакын аймактардын жашоочуларын дароо бийик жерлерге эвакуацияланууга чакырды.
GMA News телеканалынын маалыматына караганда, Давао регионунун бийлиги мектептердеги сабактарды жана мамлекеттик мекемелердин ишин убактылуу токтотууну буйруду.
Өлкөнүн президенти Фердинанд Маркос калкты өлкөнүн түштүгүндөгү аймактардан эвакуациялоону уюштурууну тапшырды.
«Азыр биз абалды баалап жатабыз жана бардык жарандардын коопсуздугун камсыздоого көз салуудабыз. Мен Улуттук кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу кеңешине, Жарандык коргонуу башкармалыгына, Куралдуу күчтөргө, Филиппин жээк күзөтүнө жана бардык тиешелүү органдарга жээк аймактарында дароо эвакуация жүргүзүүнү, өзгөчө кырдаал байланыш линияларын активдештирүүнү жана жергиликтүү бийликтер менен тыгыз координациялоону буйрук кылдым. Издөө-куткаруу жана биринчи жардам көрсөтүү иштери даярдалууда жана коопсуз болгондо дароо башталат», — деди президент.
Филиппин аралдары «Тынч океандын оттуу шакегинде» жайгашкан жана бул дүйнөдөгү эң сейсмикалык активдүү аймактардын бири болуп эсептелет. Бул жерде жер титирөөлөр жана жанар тоолордун атылуулары үзгүлтүксүз болуп турат.
Эске сала кетсек, 30-сентябрда Филиппинде болгон күчтүү жер титирөөдөн 72 адам каза болуп, дагы 47 221 киши жабыркаган.

















