Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аэрокосмостук күчтөрү “Фаттах” деп аталган жаңы гиперүндүү ракетасын көрсөттү.
Бул тууралуу Fars News агенттиги жазды.
“Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Аба-космостук күчтөрүнүн эң акыркы стратегиялык жетишкендиги болгон “Фаттах” гиперүндүү ракетасы президент аятолла Сейед Ибрахим Раиси жана сакчылар корпусунун башкы колбашчысы Хосейн Саламинин катышуусунда көрсөтүлдү”, – деп айтылат маалыматта.
Билдирмеге караганда, жаңы ракета бардык ракетадан коргонуу системаларынан өтүп, аларды жок кылууга жөндөмдүү. Анын учуу аралыгы 1,4 миң чакырымды түзөт, ылдамдыгы саатына 14-15 миң чакырымга жетет. Ракета жогорку тактыгы жана маневрдуулугу менен айырмаланат, ал радиолокациялык системаларга көрүнбөйт.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аэрокосмостук күчтөрүнүн командачысы Амирали Хажизаде бүгүн көрсөтүлгөн ракета дүйнөдө теңдеши жок ракета экенин айтып, Иран бул технологияга ээ болгон төрт өлкөнүн бири болгонун белгиледи.
Анын айтымында, “Фаттах” ракетасы ар түрдүү багытта жана бийиктикте уча алгандыктан аны эч бир ракета жок кыла албайт.
Эске салсак, Иран өзүнүн биринчи гиперүндүү баллистикалык ракетасын жасап чыгарганын былтыр ноябрда жар салган.
Анда Хажизаде жаңы ракета абадан коргонуунун бардык системаларынан буйтап өтө аларын, жана ондогон жылдар бою ага туруштук берүүгө жөндөмдүү технологиялар пайда болот деп ойлобой турганын билдирген.
Хажизаде жаңы жасалган ракета душмандын ракетага каршы системаларын жок кылуу үчүн иштелип чыкканын, мындай куралдардын пайда болушу менен өлкөнүн ракета өндүрүшүндө чоң секирик жасалганын баса белгилеген. Өткөн аптада ал ракетаны сыноо иштери аяктаганын айтып, жакын арада көрсөтүлөрүн убада кылган.
Акыркы жолу Ирандын Коргоо министрлиги 25-майда алыскы аралыкка учуучу “Хайбар” деп аталган жаңы стратегиялык баллистикалык ракетасын көрсөткөн. Буга чейинки моделдердин модернизацияланган түрү болгон ракета “Хоррамшахр” сериясына таандык. Анын учуу аралыгы 2000 чакырымга жетет.
Ирандын Коргоо министри, бригадалык генерал Мохаммад Реза Аштиани ракета 1500 килограммга чейинки ар кандай түрдөгү согуштук дүрмөттөрдү көтөрүп жүрө аларын, мобилдүү жана колдонууга кыска убаакыттын ичинде даяр болорун билдирген.