Венгриянын борбору Будапешт шаарында улуу манасчы Саякбай Каралаевдин айкели орнотулду.
Бул тууралуу ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев соцтармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, айкелди белгилүү мажар айкелчи аял Дьёрдьи Лантош жасаган.
«Саякбай Каралаев…
Мындан тогуз ай мурда Саякбай Каралаевдин эстелигин Мажарстанга ( Венгрия) тургузуу идеясын Мажар парламентинин төрага орунбасары Шандор Лежак менен талкуулаганбыз. Ал “Кимдин эстелигин тургузалы?” дегенде “Саякбай Каралаевдин!” деп айткан элем.
Улуу манасчы, миллиондогон эпостун саптарын жүрөгүнө батырып, дүйнөгө тааныткан ал – Саякбай Каралаев! Саякбай атабызга Европанын борборунда айкел тургузулду, болгондо да тамыры, тарыхы, кезегинде заманы бир Мажарстанда тургузулду.
Эстелик тургузуудан оболу Лежак мырзаны Кыргызстага келди, ага “Рух Ордодогу”, филармония алдындагы Саякбай атабыздын эстелигин көрсөттүм. Шандор Лежак 70-жылдары Манас жөнүндө угуп, ушу мезгилге чейин көкүрөгүнө катып келген экен. Ал эми Саякбайды рух тумарындай сыйлап келет…
Салтанаттуу ачылышта Лежактын эки сөзүнүн бири “Кыргыз…Манас” болду… Ал эми Мажарстан парламентинин төрагасы Ласло Кёвер ар бир кыргыз сыймыктана турган улуу сөздү айтты: “ Манас эпосу акыл-эстин, жан дүйнө баалуулуктарынын Империясы…” деп. Бул сөздүн Шаасы, уюктуу сөз! Бул айкелде Саякбай атабыздын бүткүл улуулугу камтылган… мажар айкелчиси улуу манасчынын жандүйнөсүн бере алган…
Айтмакчы, Саякбай атабызга канатташ улуу Абайдын эстелиги турат. Айкелди белгилүү айкелчи аял Дьёрдьи Лантош жасаган.
Аземге катышып, жалындуу сүйлөгөн мамлекеттик катчыбыз Сүйүнбек Касмамбетовдун сөзүн мажарлар котормосуз эле жүрөктөрү менен туюп, түшүнүп турду…
Улуу рух Европага, бир туугандарга, касиеттүү Дунай боюна келди…
Саякбай Каралаев эгемендүүлүгүбүздүн Символу!..»,- деп жазган Султан Раев.