Европа Биримдиги Иордан дарыясынын Батыш жээгинде жана Газа секторунда жашаган палестиналыктарга жардам иретинде 1,6 миллиард евро бөлөт. Бул тууралуу 14-апрелде Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас жарыя кылды, деп маалымдайт Deutsche Welle.
«Биз палестин элине болгон колдообузду күчөтүп жатабыз. 2027-жылга чейин бөлүнчү 1,6 миллиард евро Батыш жээк менен Газа секторундагы абалды турукташтырууга жардам берет. ЕС маанилүү инфраструктурага инвестиция салып, гуманитардык жардам жана качкындарды колдоо менен алектенет. Биз Палестина автономиясынын көп жылдан берки өнөктөшүбүз», – деп жазды Каллас социалдык тармактагы билдирүүсүндө.
Бул билдирүү Палестина Улуттук Администрациясынын (ПУА) премьер-министри Мухаммед Мустафанын Люксембургда ЕСке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен жолугушуусунун алдында жарыяланды. Каллас жардам Газа секторуна кантип жеткирилери тууралуу так маалымат берген жок. Учурда ПУА Иордан дарыясынын Батыш жээгин гана көзөмөлдөйт, ал эми Газа сектору 2007-жылдан бери ХАМАСтын көзөмөлүндө.
ЕС — Палестина автономиясынын эң ири донору
AFP агенттиги эскерткендей, Евробиримдик Палестина автономиясынын эң ири эл аралык каржылоочусу болуп саналат. Мурунку үч жылдык жардам планы (2021–2024-жылдар) 1,36 миллиард евро өлчөмүндө болгон.
Жаңы жардам пакети төмөнкүлөрдү камтыйт:
-
576 миллион евро грант түрүндө — Газа сектору, Батыш жээк жана Чыгыш Иерусалимдеги экономиканы калыбына келтирүүгө багытталган долбоорлорго;
-
400 миллион евро насыя — Европа инвестициялык банкы аркылуу берилет.
Палестинанын көз карандысыздыгын БУУга мүчө 144 өлкө тааныган. 2024-жылдын май айында Палестинаны Иран, Норвегия жана Испания, андан соң Словения расмий таанышкан. Ошондой эле Швеция, Кипр, Венгрия, Чехия, Польша, Словакия, Румыния жана Болгария сыяктуу ЕС мүчө мамлекеттери да тааныган. Франция президенти Эммануэль Макрон бул маселени кароого даяр экенин билдирген.
The Insider жазгандай, эксперттердин пикиринде, Европанын Палестинаны мамлекет катары таанышы — Израилдин маалыматтык согуштагы жеңилиши катары каралышы мүмкүн.
Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын күчөшү
2023-жылдын 7-октябрында Жакынкы Чыгыштагы абал курчуп кеткен. Евробиримдик менен АКШ ХАМАС кыймылы Израилге масштабдуу кол салуу жүргүзүп, ракеталар менен чабуул коюп, өлкөнүн аймагына кирип, 1200дөн ашык адамды өлтүргөн.
Буга жооп катары Израиль ХАМАСка согуш жарыялады. Жерде жүргүзүлгөн операциялар жана абадан берилген соккулардын натыйжасында Газа секторунда 50 миңден ашык палестиналык каза болуп, 115 миңден ашык адам жаракат алганын ХАМАСтын көзөмөлүндөгү саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдаган.

















