Еревандын борборуна эки күндөн бери Азербайжан менен чек араны демаркациялоого каршы нааразылык акциялары уланууда.
9-майда Республика аянтында миңдеген адам катышкан митинг өтүп, анда архиепископ Баграт Галстанян премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетүүсүн талап кылган.
Акциянын катышуучулары Азербайжан менен чек араны делимитациялоо процессин жана бир катар чек ара аймактарын азербайжан тарапка өткөрүп берүүнү токтотууну талап кылышууда.
Алар талаштуу төрт айылды азери тарапка өткөрүп берүү тууралуу келишимге каршы болууда.
Келишимди АКШ, Европа Биримдиги жана Пашинян өзү да кубатташкан, ал эми армян оппозициясы аны аталган айылдардан эч кандай кепилдик албай туруп баш тартууда деп айыптоодо.
Биринчи нааразылык акциялары апрель айында, Армения менен Азербайжандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери Тавуш аймагында башталгандан кийин башталган. Демонстранттар аймактагы жолдорду, анын ичинде Армениядан Грузияга кеткен эл аралык трассаны дагы бир нече жолу жаап салышкан. Полиция менен кагылышуулар болуп, камоолор болгон.
Жума күнү уланган акцияда 12 киши кармалып, кайра алардын 11и бошотулганын оппозициялык депутат Гарник Даниелян Еревандагы Республика аянтындагы митингде билдирди. Ал бирөөнө кылмыш иши козголгонун, бирок бул алардын күрөшүнө тоскоол боло албарын белгиледи.
Мурдагыдай эле калканчан жана каскачан полиция өкмөт үйүнүн жана Каржы министрлигинин кире беришин катуу кайтарууга алган – алардын имараттары да Республика аянтында жайгашкан.
Митинг 12-майда да уланары айтылды.
Никол Пашинян Азербайжан менен чек араны делимитациялоо жараяны башталганын 22-апрелде жарыялаган. Буга чейин Армениянын Тышкы иштер министрлиги алдын ала макулдашууга жетишилгенден кийин 1990-жылдарга чейин Азербайжан ССРинин курамында болгон Тавуш облусунун төрт айылы Бакуга бериле турганын билдирген. Тараптар чек ара линиялары боюнча протоколго 15-майга чейин кол коюуну макулдашкан.






















