Элмирбек Иманалиевдин чыгармалары түбөлүктүү.
20-апрелде Улуттук тарых музейинде Кыргыз Республикасынын Эл артисти, ак таңдай төкмө акын, манасчы, обончу, дастанчы Элмирбек Иманалиевдин “Булбулум, булбулум ай” аттуу обондуу ырлар жыйнагынын бет ачары болуп өттү.
Тема боюнча:
Иш-чарага КР Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият, маалымат, жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Жогорку Кеңештин депуттары Адахан Мадумаров, Мирлан Самыйкожо Кыргыз эл артисттери Атайбек Бөдөшов, Түгөлбай Казаков баштаган бир катар көрүнүктүү инсандар, Элмирбек Иманалиевдин бир туугандары, достору, күйөрмандары катышышты.
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Элмирбек Иманалиевдин талантын, кыргыз маданиятына кошкон салымын, анын адамдык бийиктигине токтолуп, “Элмирбек Иманалиев 100 жылда бир жаралган улуу таланттын ээси болгон. Анын талантын баалаган инсандар бүгүн мына залга батпай чогулуп турушат. Элмирбектин элеси кыргыз элинин жүрөгүндө бек сакталат. Анын чыгармалары түбөлүктүү”,- деди.
Ал эми Маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев Элмирбек Иманалиевдин чыгармаларын жыйнак кылып чыгарып жаткан анын үй бүлөсүнө, жакындарына жана шакирттерине ыраазычылыгын айтты.
Эл артистти Элмирбек Иманалиевдин “Булбулум, булбулум ай” аттуу обондуу ырлар жыйнагы анын үй бүлөсүнүн демилгеси менен КР эл артисти Нурлан Нышанов түзүп, КР эл артисти Атайбек Бөдөшов нотага түшүргөн.
Жыйнак “Айтыш” республикалык коомдук фонду тарабынан каржыланып чыгарылган.