Улуу Британия “Челленджер-2” танктары менен бирге Украинага курамында кемитилген ураны бар курал берүү ниети бар экенин жарыялады. Орус президенти Владимир Путин бул демилге тууралуу айтып жатып, Батыш “Россия менен акыркы украиналыкка чейин сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө согушууга ниеттенип жаткандыгынан кабар берет” деп билдирди.
Ал эми Тышкы иштер министри Сергей Лавров Киевдин режимине мындай куралдарды жеткирүү олуттуу эскалацияга карай кадам деп атады.
Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Улуу Британия мындай чечими менен Украинаны түп тамыры менен жок кылууга аракет жасап жатканын билдирди.
Ал уран кошулган куралдардын бул түрү жөнөкөй курал-жарактардан алда канча күчтүү жана адамдын ден соолугуна терс таасир этерин билдирип, андан куралды колдонгон адамдар дагы жабыркап, жер ууланып, анда жашаган муунга кесепетин тийгизерин баса белгилеген.
Захарова мындай куралды колдонуу ошол аймакта жашап жаткандарга карата геноцид жасоо болуп саналарын кошумчалаган.
Кесепети жаман болот
Ар кайсы мамлекеттердеги ар кандай мамлекеттик, коомдук ишмерлер жана дарыгерлер жаңжал болгон аймактарда калган ок-дарылардан чыккан кемитилген уран адамдарга жана айлана-чөйрөгө кооптуу болушу мүмкүн деген тынчсыздануусун бир нече жолу билдиришкен.
Кемитилген ураны бар ок-дарыларды колдонуунун курмандыктары ылгабастан аскер адамдары да, жай тургундар да болот. Мындай пикирин БУУнун баш катчысынын мурдагы жардамчысы жана БУУнун гуманитардык программасынын Ирактагы координатору Ганс-Кристоф граф фон Шпонек РИА Новостиге билдирди.
“Эгерде Украинада кемитилген уран кошулган ок-дарылар колдонула турган болсо, бул аймактагы адамдар, аскерлер да, карапайым адамдар да курмандыкка айланат”, – деди ал.
Анын айтымында, мындай ок-дарыларды колдонуунун мыйзамдуулугу дагы эле суроо бойдон, бирок анын кесепеттери эчактан эле белгилүү.
Фон Шпонек АКШ 1991-жылы Ирактын түштүгүндө мындай ок-дарыларды колдонгонунан жапа чеккен британиялык жана америкалык аскерлерди, ошондой эле алардын үй-бүлөлөрүн мисал катары келтирди.
Эксперт 1999-жылы Ирактын ооруканаларына барганын, ал жерден штаттар аймакта уранды колдонгондон бир нече жыл өткөндөн кийин төрөлгөнүнө карабастан, олуттуу майыптыгы бар ымыркайлардыт өз көзү менен көргөнүн эске салды.
Югославияда НАТОнун контингентинде болгон бир нече аскер кызматчысы лейкемия оорусуна чалдыккан. Ошондой эле чыр-чатактар учурунда акталган ураны бар снаряддары колдонулган аймактарда онкологиялык оорулар көбөйгөнү аныкталган.
Кемитилген уран – уран сыяктуу мүнөздөмөлөргө ээ, бирок уулуу жана радиоактивдүүлүгү 60%га азыраак уулуу оор металл. Ал сымап же мышьякка караганда анча коркунучтуу эмес, бирок жарылуудан уран оксиди пайда болуп, ал аймакты булгап, адамдардын оорусуна алып келет.
Кемитилген уран буга чейин кайда колдонулган?
Кемитилген уран биринчи жолу Фашисттик Германияда вольфрамдын жетишсиздигинен улам танктардын снаряддарында колдонулган. Андан кийин мындай ок-дарылар АКШнын армиясына 1970-жылдары кирген. Кемитилген уран америкалык аскерлер тарабына биринчи жолу 1991-жылы Перс булуңундагы “Чөлдөгү бороон” операциясы учурунда, 1999-жылы Югославияны бомбалоодо, 2003-жылы Иракка киргенде жана башка аскердик кагылышууларда колдонгон. АКШдагы Колорадо тоо мектебинин изилдөөчүсү Суад Аль-Аззави белгилегендей, Штаттар Иракта ак фосфорду жана кемитилген уранды колдонуусу бул жерлерде рак оорусунун алты эсе көбөйүшүнө алып келгенин билдирген.
Кемитилген ураны бар ок-дарылар АКШ, Россия, Улуу Британия, Франция жана башка өлкөлөрдүн армияларында бар. Бирок мындай снаряддардын запастары боюнча ачык маалыматтар жарыяланган эмес.