Eurasiatoday
Бейшемби, 07-Декабрь, 2023
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Жакынкы Чыгыш
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Жакынкы Чыгыш
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Эксперт: «Мусулмандар бирикмейинче Аль-Кудусту бошотуу кыялы кыял бойдон кала берет»

  • Эксперттин пикири
  • 13.04.2023 09:38

Loading

Ыйык Рамазан айынын акыркы жумасы – палестиндерге тилектештик билдирчү Кудус же Иерусалим күнү белгиленет. Аль-Кудусту жана Палестина маселеси мусулман дүйнөсү ХХ кылымдын экинчи жарымында да, XXI кылымдын алгачкы жыйырманчы жылында да чече албаган маселелердин бири бойдон калууда.

Эмне үчүн бул көйгөй дагы деле чечилбей келет?

Тема боюнча:

Россияда президенттик шайлоо качан өтөрү белгилүү болду

Россияда президенттик шайлоо качан өтөрү белгилүү болду

07.12.2023

Бул туурасында «Eurasia Today» агенттигинин кабарчысы  Россиянын  Улуттук стратегия институтунун эксперти, саясат таануучу Раис Сулейманов менен маек курду.

Белгилей кетсек, Аль-Кудус күнү Иран Ислам республикасынын негиздөөчүсү аятолла Хоменейи тарабынан 1982-жылы негизделген. Бул күнү Иранда жана башка өлкөлөрдө палестиндерге тилектештик билдирген Израилге каршы демонстрациялар жана митингдер өтөт.

– Аль-Кудусту (Иерусалимди) басып алуу маселеси жарым кылымдан ашык убакыттан бери уланып келе жатат, анын азыркы абалына кандай баа бере аласыз жана аны кандай келечек күтүп турат?

– Аль-Кудус маселеси (эл ​​аралык укукта Чыгыш Иерусалим маселеси деп аталат) 1967-жылдан бери чечилбей келет. Анда Израил алты күндүк согуштан кийин Чыгыш Иерусалимди гана эмес, 1947-жылы БУУнун чечими менен Палестинада араб мамлекетин түзүү каралган жерди да ээлеп алган.

Израил 1993-1995-жылдары Ослодогу сүйлөшүүлөрдөн кийин Иордан дарыясынын батыш жээгинин жана Газа тилкесинин чек араларында палестиналыктардын өз мамлекетине болгон укугун тааныганына карабастан, баскынчылыгын улантып келет.

Ошол мезгилден бери Чыгыш Иерусалимди борбору деп эсептеген Палестинанын улуттук администрациясы бар, бирок иш жүзүндө мунун баары жөн гана каалоолор, анткени Чыгыш Иерусалим Израилдин көз карашы боюнча, анын бир бөлүгү.

Тель-Авив Чыгыш Иерусалимдин тургундарына өз жарандыгын берүүгө даяр, бирок алар аны кабыл алуудан кескин түрдө баш тартышууда. Анын үстүнө Чыгыш Иерусалимде Палестинанын улуттук администрациясынын бийлик органдары жок (Палестинанын улуттук администрациясынын кеңсеси жайгашкан чыныгы борбор Рамалла шаарында жайгашкан).

Чыгыш Иерусалимдин тургундары жарандыгы жок адамдар (Израил аларга палестиналык паспортторду алууга таптакыр тыюу салган). Анын тургундарынын көз карашы боюнча израилдик паспортту алуу Израилдин эгемендигин таануу дегенди билдирет.

Израил Чыгыш Иерусалимдин тургундарына автоматтык түрдө резидент статусун берген – башкача айтканда мыйзамдуу түрдө жараны болбойт, бирок туруктуу жашоочу болуп саналат.  Ошол эле учурда алар резиденти болгон мамлекеттин пайдасына салыктарды төлөшү керек болот.

Чыгыш Иерусалим чындыгында Израилдин борборунун бир бөлүгү болуп саналат, бирок аны башкара турган өзүнчө муниципалдык орган жок. Анын үстүнө, 1967-жылдан бери Чыгыш Иерусалимде еврей тургундарынын активдүү отурукташуусу жүрүп жатат.

Мындай саясаттын максаты – шаардын бул бөлүгүндө Израилдин суверенитетине каршы чыгып талашуу аракеттерин биротоло токтотуу болуп саналат.

Чыгыш Иерусалим Израилдин мындай демографиялык саясатынын натыйжасында Иордан дарыясынын батыш жээги менен болгон байланышын барган сайын жоготуп, ал жердеги палестиналыктардын саны азайып баратат.

Чыгыш Иерусалимде еврей калкынын өсүүсүн эске алганда, жакынкы келечекте кырдаал өзгөрөт деп айтууга эч кандай негиз жок.

– Эмне үчүн палестиналыктардын кысымга алынуусу жана алардын Аль-Акса мечитинде болуу укугу эл аралык коомчулук тарабынан четке кагылып келет? Эмне үчүн араб өлкөлөрү бул маселеге кайдыгер карашат?

– Палестина маселеси 2010-2011-жылдардагы “араб жазынын” башталышы менен актуалдуулугун жоготуп, сириялык качкындар көйгөйүнүн көлөкөсүндө калган.

Башкача айтканда, Батыш өлкөлөрү үчүн сириялык качкындардын көйгөйү палестиналыктардын көйгөйүнө караганда маанилүрөөк.

Жакынкы Чыгыштагы окуяларды карасак XXI кылымдын бүтүндөй экинчи он жылдыгында Египет, Тунис, Ливиядагы автократиялык режимдердин кулашы, “ИМ” террордук тобунун чыгышы жана  узакка созулган Сириядагы согуш менен байланышкан маселелер алдыңкы планга чыккан.

Ошондуктан Палестина маселеси экинчи планда дагы эмес, үчүнчү планда калып кеткен.

Анын үстүнө Газа тилкесин гана көзөмөлдөгөн ХАМАСтын жетекчилиги Сирияда Башар Асаддын мыйзамдуу өкмөтүн кулатууну ачык колдогону да көп нерсеге байланыштуу болгон, бул чындыгында Дамасктын Палестина маселесине карата мамилесинин салкындашын билдирген.

Акыры 2020-2021-жылдары Израилди расмий түрдө төрт араб өлкөсү: Марокко, Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн жана Судан тааныган.

Араб өлкөлөрүнүн ичинен Араб мамлекеттеринин лигасынын 22 мүчөсүнүн 15и Израилди таануудан баш тартышса, калган 7 араб мамлекети Израилди тааныган: Египет (1979-ж), Иордания (1994-ж), Палестина (1993-1995жж. Ослодогу келишим боюнча), Марокко (2020), Бахрейн (2020), Бириккен Араб Эмираттары (2020) жана Судан (2020).

Акыры “Палестина мамлекети” деп айтканда, анын азыркы президенти Махмуд Аббас Иордан дарыясынын батыш жээгинин аймагын гана көзөмөлдөрүн, бирок 2007-жылы ХАМАС бийликке  келгенден бери Газа тилкесинде эч кандай бийликке ээ эмес экенин түшүнүү керек.

Палестиналыктардын биримдигинин жоктугу да – Палестина маселесинин чечилүүсүнүн бүдөмүк бойдон калышынын негизги себептеринин бири болуп саналат.

– Эмне үчүн ЖМКлар жана дүйнө коомчулугу Йемен, Ирак, Сирия, Ооганстандагы согуштарга жана Палестина маселесине азыркыдай Россия менен Украинанын ортосундагы согушка жасагандай  реакция жасабай жатат?

Израил күчтөрү палестиндик өспүрүмдү кармап кетип жаткан учуру

– Биздин дүйнө кимдир бирөөгө жакса да, жакпаса да (мисалы, мага жакпайт) жалпысынан Батышка багытталган (западноцентричен). Ошондуктан Батыштын кайсы бир жеринде болуп жаткан окуялар дүйнөнүн кайсы бир бурчунда болуп жаткан окуяларга караганда, сөзсүз түрдө дүйнө коомчулугунун көңүлүн өзүнө бурат.

Айкын мисал келтирейин: дүйнөнүн чет элдик маалымат ресурстарына көз чаптыра баштасан, 1 миллиард 400 миллион адам жашаган Индия сыяктуу калк жыш жайгашкан өлкөдө болуп жаткан окуялар 67 миллион калкы бар Улуу Британияда болуп жаткан окуялардан алда канча аз чагылдырылганын көрөсүз. Дүйнөлүк маалымат каражаттарынын көңүл буруу проекциясы ушундай.

Эмне үчүн дүйнөлүк коомчулук Жакынкы Чыгыштагы (Мавританиядан Ооганстанга чейин) аскердик кагылышууларга ар башкача реакция  кылып, ал эми Украинадагы окуяларга көбүрөөк көңүл буруп жатат?

Анын жообу айдан ачык: анткени Украинадагы аскердик окуялар Европада болуп жатат. Муну европоцентризм (же батыш центризм) деп атаса болот.

-Аль-Кудусту бошотуу маселесин жандантуу үчүн эмне кылуу керек? Ал үчүн кайсы тараптарөз ара аракеттениши керек?

– Менин оюмча, бул маселе биздин муунубузда чечилбейт окшойт. Расмий Тель-Авивдин Жакынкы Чыгыштагы позициясы абдан бекем. Израилди канча тааныбасан дагы, кимдир бирөө аны тааныбагандыктан, ал жок болуп кетпейт.

Израил – Жакынкы Чыгыштагы батыш цивилизациясынын бир бөлүгү. Ал эми Батыш азыр объективдүү түрдө бүткүл ислам дүйнөсүнөн алда канча күчтүү (кайрадан кимдир бирөөгө жакса да, жакпаса да, бирок бул чындык).

“Ислам дүйнөсү” дегенде, бул жөн эле ойдон чыгарылган курулуш (конструкт) экенин түшүнүшүбүз керек, анткени мусулмандардын биримдиги жок, бирдиктүү мусулман дүйнөсү жок, мусулман өлкөлөрүнүн ар биринин өз кызыкчылыктары бар жана алардын ортосунда көп жылдык  карама-каршылыктар бар, алар азыркы учурда да чечиле элек.

Мусулман дүйнөсүнүн биримдигинин жоктугунан Палестина маселеси чечилбей келет. Ошондуктан, бүткүл Ислам дүйнөсү Аль-Кудусту бошотууну каалайт деген эсеп – бул жөнөкөй гана түшүнүк.

Аль-Кудусту Израилдин кошуналарынын бири да, атүгүл аны тааныбагандар да (Сирия, Ливан жана ХАМАС жетектеген Газа тилкеси) бошото алышпайт.

Дүйнөдө мусулмандар бирикмейинче Аль-Кудусту бошотуу кыялы кыял бойдон кала берет.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

АКШ Конгресси Украина жана Израилге жардам берүүгө бөгөт койду

АКШ Конгресси Украина жана Израилге жардам берүүгө бөгөт койду

07.12.2023
Россияда президенттик шайлоо качан өтөрү белгилүү болду

Россияда президенттик шайлоо качан өтөрү белгилүү болду

07.12.2023
Ижарасы кымбат, шарты начар “Дордой” базары

Ижарасы кымбат, шарты начар “Дордой” базары

07.12.2023
Лейлекте 7 аял өз өмүрүн эмнеге кыйды?

Лейлекте 7 аял өз өмүрүн эмнеге кыйды?

07.12.2023
Ирандын президенти Москвада Путин менен Палестина маселелесин талкуулайт

Ирандын президенти Москвада Путин менен Палестина маселелесин талкуулайт

07.12.2023
Баш байгеге автоунаа. Республикалык Куран жарышынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Баш байгеге автоунаа. Республикалык Куран жарышынын жеңүүчүлөрү аныкталды

07.12.2023
Кара-Суу базарынын өкүлдөрү депутаттарга арыз-арманын айтышты

Кара-Суу базарынын өкүлдөрү депутаттарга арыз-арманын айтышты

07.12.2023
Путиндин Абу-Даби жана Эр-Риядга сапары кандай өттү?

Путиндин Абу-Даби жана Эр-Риядга сапары кандай өттү?

07.12.2023
Бишкекте санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгарган завод ачылды

Бишкекте санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгарган завод ачылды

07.12.2023

Башкы жаңылыктар

Ирандын президенти Москвада Путин менен Палестина маселелесин талкуулайт

Ирандын президенти Москвада Путин менен Палестина маселелесин талкуулайт

07.12.2023
Россия менен Иран санкцияларга биргелешип каршы турат – декларацияга кол коюлду

Россия менен Иран санкцияларга биргелешип каршы турат – декларацияга кол коюлду

06.12.2023
Катарлык дарыгерлер угуусу начар 50 балага акысыз операция жасайт

Катарлык дарыгерлер угуусу начар 50 балага акысыз операция жасайт

05.12.2023
Мамкатчы: Эл шайлаган депутаттар туу боюнча элдин мүдөөсүн эске алат деген тилекте бололу

Мамкатчы: Эл шайлаган депутаттар туу боюнча элдин мүдөөсүн эске алат деген тилекте бололу

04.12.2023
 С. Жапаров Дубайда  бир катар мамлекеттердин башчылары менен жолукту

 С. Жапаров Дубайда  бир катар мамлекеттердин башчылары менен жолукту

02.12.2023
Депутат убакытты бир саат артка жылдырууну сунуштады

Депутат убакытты бир саат артка жылдырууну сунуштады

30.11.2023

Валюталар курсу

31
Узнаем возраст наших посетителей

Сколько вам лет

Экономика

Бишкекте санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгарган завод ачылды

Бишкекте санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгарган завод ачылды

07.12.2023
Садыр Жапаров: ККМ аркылуу жалпы экономиканы ачык көрүп туралы деп жатабыз

Садыр Жапаров: ККМ аркылуу жалпы экономиканы ачык көрүп туралы деп жатабыз

06.12.2023
Ысык-Көлдө 102 гектар жерге эки жаңы канаттуулар фабрикасы курулат. Сүрөт

Ысык-Көлдө 102 гектар жерге эки жаңы канаттуулар фабрикасы курулат. Сүрөт

05.12.2023
“Учкун” ААК мамлекеттик маанидеги документтерди, паспорт чыгарууга даярдык көрүүдө

“Учкун” ААК мамлекеттик маанидеги документтерди, паспорт чыгарууга даярдык көрүүдө

05.12.2023
Нарын менен Ысык-Көлдүн картошкасы Ташкентке жеткириле баштады

Нарын менен Ысык-Көлдүн картошкасы Ташкентке жеткириле баштады

04.12.2023
ККМ салыгы: белгисиз күчтөр соодагерлерди тукурууга аракет көрүүдө

ККМ салыгы: белгисиз күчтөр соодагерлерди тукурууга аракет көрүүдө

04.12.2023

Eurasia Today
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.

No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Жакынкы Чыгыш
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.