Eurasiatoday
Жекшемби, 10-Декабрь, 2023
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Жакынкы Чыгыш
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Жакынкы Чыгыш
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

ЕЭКтин өкүлдөрү Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы абал менен таанышты

  • ТОП жаңылыктар
  • 24.08.2023 14:13

Loading

Бүгүн, 24-августта Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жана Евразия экономикалык комиссисынын өкүлдөрү кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы “Ак-Тилек – автожол” өткөрүү пунктуна барышып, абал менен таанышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргыз тараптын өтүнүчү менен Евразия экономикалык комиссиясында энергетика жана инфраструктура боюнча коллегия мүчөсү (министр) Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы алдында ЕЭКтин ар кандай департаменттеринин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн.

Тема боюнча:

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Казакстанга жумуш сапары менен келди

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Казакстанга жумуш сапары менен келди

23.09.2023

КР экономика министринин орун басары Назарбек Малаевдин айтымында, 20-августтан тартып кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында Кыргыз Республикасынын аймагынан Казакстан Республикасынын аймагына бара жаткан жүк ташуучу автотранспорт каражаттардын “Кең-Булуң – автодорожный”, “Ак-Тилек – автодорожный” жана “Чалдовар – автодорожный” өткөрмө пункттарында топтолуп тургандыгынан улам кырдаал чыңалууда.

Ведомстводон белгилешкендей, мындай жагдай системалуу мүнөзгө ээ, ошол эле учурда казак тарап Кыргызстандан келген жүк ташуучу унаалардын өз аймагы аркылуу өтүүсүн басаңдатуу үчүн ар кандай себептерди издеп келет.

“Чек арада түзүлгөн кырдаал, албетте, Кыргызстандын тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизүүдө. Биздин ишкерлер чоң жоготууларга учурап жатышат жана өнөктөштөр алдындагы милдеттенмелерин өз убагында аткара албай жатышат. Ошондой эле токтоп турган жүктүн арасында тез бузулуучу продуктулар да бар, аларды өз убагында жеткирбөө чоң финансылык жоготууларга алып келет”, – деп айтылат министрликтин билдирүүсундө.

Министрлик 20-августтан тартып Казакстан расмий билдирүүсүз бир тараптуу тартипте кыргыз жүк ташуучу автотранспортторун өзүнүн өткөрүү пункттары аркылуу өтүүсүн чектеген. Мындай чаралардын натыйжасында кыргыз тарапта 500гө чейин жүк ташуучу транспорт каражаты кезекте турат.

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан билдиришкендей, бүгүн саат 12:00гө карата кыргыз-казак чек арасындагы 4 өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын төмөндөгүдөй узун кезеги пайда болду:

– “Ак-Тилек-автожол” көзөмөл өткөрүү жайында – 379;
– “Чалдыбар-автожол” КӨЖда – 73;
– “Кен-Булун-автожол” КӨЖда – 89;
– “Чон-Капка-автожол” КӨЖда -73.

Белгиленгендей, кыргыз тараптан өткөрүү жайлары күнүмдүк тартипте иштеп жатат.

Эскерте кетсек, Чүй облусунда “Ак-Тилек-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайынын алдында жардам көрсөтүү жай катары чатырлар тигилген. Ал жактарда айдоочуларга жана жүк ташуучуларга медициналык, психологиялык жактан жардам жана кеңеш берилип, ысык тамак уюштурулган.

Ошол эле учурда КР Айыл чарба министрлигинин сугат тармактары боюнча илимий-изилдөө институтунун директору, экономика илимдеринин доктору Улан Чортомбаев Facebook баракчасына казак тарап аларды суу менен камсыз кылуунун үзгүлтүккө учурашына байланыштуу Кыргызстандан келген унааларды өткөрбөй жатканын айтып, казак бийлигине кайрылуу жасаган.

Бирок, КР Айыл чарба министрлигине караштуу Суу чарба кызматынын директору Алмазбек Сокеев бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Киров суу сактагычынан суу берүү токтотулгандан кийин казак тараптын Кыргызстанга дооматы жок экенин билдирип, бул кечээ эки тараптуу телефондук сүйлөшүүлөрдө тастыкталганын айтты.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Кыргыз-казакКыргыз-казак чек арасы
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Кыргыз-казак аймактар аралык форумунда 60 млн доллардан ашуун келишимдерге кол коюлду

Кыргыз-казак аймактар аралык форумунда 60 млн доллардан ашуун келишимдерге кол коюлду

25.09.2023
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Казакстанга жумуш сапары менен келди

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Казакстанга жумуш сапары менен келди

23.09.2023
Кыргыз-казак чек арасында автомашиналардын тыгыны жоюлду

Кыргыз-казак чек арасында автомашиналардын тыгыны жоюлду

29.08.2023
Токаев казак-кыргыз чек арасындагы кырдаалды жөнгө салууну тапшырды

Токаев казак-кыргыз чек арасындагы кырдаалды жөнгө салууну тапшырды

26.08.2023
Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн айдоочуларга тамак  берилди. Сүрөт

Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн айдоочуларга тамак берилди. Сүрөт

25.08.2023
Экономика министрлиги чек арадагы абал үчүн казак тарапты айыптады (видео)

Экономика министрлиги чек арадагы абал үчүн казак тарапты айыптады (видео)

25.08.2023
Кыргызстан менен Казакстандын ички иштер министрликтери кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшөт

Кыргызстан менен Казакстандын ички иштер министрликтери кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшөт

24.08.2023
Кыргыз-казак чек арасындагы дагы бир бекетте автомашиналар өтпөй турат

Кыргыз-казак чек арасындагы дагы бир бекетте автомашиналар өтпөй турат

24.08.2023
Кыргыз-казак чек арасында кезекте турган айдоочуларга чатырлар тигилди. Сүрөт

Кыргыз-казак чек арасында кезекте турган айдоочуларга чатырлар тигилди. Сүрөт

23.08.2023

Башкы жаңылыктар

Сириядан кыргызстандык 31 аял жана 65 бала мекенине кайтарылды

Сириядан кыргызстандык 31 аял жана 65 бала мекенине кайтарылды

09.12.2023
Кыргызстанда биринчи жолу IQF технологиясы менен мөмө-жемиш тоңдурган завод ачылды. Сүрөт

Кыргызстанда биринчи жолу IQF технологиясы менен мөмө-жемиш тоңдурган завод ачылды. Сүрөт

08.12.2023
Ирандын президенти Москвада Путин менен Палестина маселелесин талкуулайт

Ирандын президенти Москвада Путин менен Палестина маселелесин талкуулайт

07.12.2023
Россия менен Иран санкцияларга биргелешип каршы турат – декларацияга кол коюлду

Россия менен Иран санкцияларга биргелешип каршы турат – декларацияга кол коюлду

06.12.2023
Катарлык дарыгерлер угуусу начар 50 балага акысыз операция жасайт

Катарлык дарыгерлер угуусу начар 50 балага акысыз операция жасайт

05.12.2023
Мамкатчы: Эл шайлаган депутаттар туу боюнча элдин мүдөөсүн эске алат деген тилекте бололу

Мамкатчы: Эл шайлаган депутаттар туу боюнча элдин мүдөөсүн эске алат деген тилекте бололу

04.12.2023

Валюталар курсу

1
Сколько вам лет?

Экономика

Улуттук банк: Кыргызстандын ички валюта рыногунда абал туруктуу

Улуттук банк: Кыргызстандын ички валюта рыногунда абал туруктуу

09.12.2023
Чүйдө терезе чыгаруучу заводдун курулушу башталды

Чүйдө терезе чыгаруучу заводдун курулушу башталды

08.12.2023
Бишкекте санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгарган завод ачылды

Бишкекте санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгарган завод ачылды

07.12.2023
Садыр Жапаров: ККМ аркылуу жалпы экономиканы ачык көрүп туралы деп жатабыз

Садыр Жапаров: ККМ аркылуу жалпы экономиканы ачык көрүп туралы деп жатабыз

06.12.2023
Ысык-Көлдө 102 гектар жерге эки жаңы канаттуулар фабрикасы курулат. Сүрөт

Ысык-Көлдө 102 гектар жерге эки жаңы канаттуулар фабрикасы курулат. Сүрөт

05.12.2023
“Учкун” ААК мамлекеттик маанидеги документтерди, паспорт чыгарууга даярдык көрүүдө

“Учкун” ААК мамлекеттик маанидеги документтерди, паспорт чыгарууга даярдык көрүүдө

05.12.2023

Eurasia Today
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.