Европа Биримдиги Украинага берилчү «репарациялык насыя» деп аталган схема боюнча Россиянын тоңдурулган активдерин колдонуу чечимин декабрдагы саммитке чейин кечеңдетти. Бул тууралуу Politico басылмасы ЕБ ичиндеги булактарына таянып билдирди.
Басылманын маалыматына караганда, репарациялык насыя маселесинде олуттуу жылыш болгон жок. Саммиттин жыйынтык билдирүүсүндө Еврокомиссияга декабрга чейин жаңы сунуштарды даярдоо тапшырмасы гана жазылган.
Маалыматка ылайык, Украина боюнча билдирүү ЕБге мүчө 27 өлкөнүн ичинен 26сы тарабынан кабыл алынган. Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан талкууга катышкан эмес, анткени ал учурда 1956-жылдагы венгр көтөрүлүшүнүн жылдыгына карата Будапешттеги өз жактоочуларынын «Тынчтык маршы» митингинде болгон.
Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, Украина Европа өзүнө чейин тоңдурулган россиялык активдердин эсебинен 2025-жылдын аягына чейин каражат бөлүшү керек деп эсептейт.
ЕБ Украинага €140 миллиард евролук пайызсыз насыя берүүнү көздөп жаткан. Бул каражат Euroclear финансылык агенттигинде сакталган Россиянын тоңдурулган активдеринин эсебинен берилмек. Насыя согуш аяктагандан кийин Россия өзүнүн активдери аркылуу репарация төлөмдөрүн жабуу шарты менен каралган.
Буга чейин Еврокомиссия Канада менен Улуу Британия Россиянын активдеринин эсебинен Украинага насыя берүүгө даяр экенин билдирген.


















