Келерки эки айда Иран, Россия жана Евразия экономикалык биримдигинин ортосунда алмашылган товарлардын 88%дан ашыгы үчүн бажы алымдары нөлдүк тариф менен жүргүзүлөт.
Бул тууралуу Иран менен Россиянын биргелешкен соода палатасынын директорлор кеңешинин мүчөсү Камбис Миркарими билдиргенин Sputnik Иран агенттиги жазды.
Ал Ирандын Россия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Армения кирген Евразиялык экономикалык биримдик менен эркин соода келишимине кол коюшу акыркы мезгилде жасалган эң маанилүү кадам болгонун белгиледи.
Эске салсак, 2023-жылдын декабрында Санкт-Петербургда Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынынын алкагында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер Иран менен эркин соода жүгүртүү жөнүндөгү келишимге кол коюшту. Документ 2019-жылдан берки убактылуу келишимдин ордун басат. ЕАЭБ менен Ирандын ортосунда эркин соода аймагын түзүү жөнүндөгү убактылуу келишим 2018-жылдын 17-майында түзүлүп, 2019-жылдын 27-октябрында күчүнө кирген.
Ал 2017-жылга чейин Ирандын экспорту 260 миллион доллар болсо, 2019-жылы эркин соода аймагын түзүү жөнүндөгү убактылуу келишим ишке ашкандан кийин дароо өлкөнүн экспорту 400 миллион доллардан ашканын, ал тургай, пандемия учурунда баары жабылып турганда да экспорт 500 миллион доллардан ашса, азыр 1 миллиард долларга жеткенин жана бул башталышы гана экенин белгиледи.
Миркарими жакынкы эки айда эркин соода жүгүртүү жөнүндөгү келишим Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин парламенттеринде бекитилип, Иран менен Россиянын жана ЕАЭБдин ортосунда алмашылган товарлардын 88%дан ашыгы нөлдүк тарифтен пайдаланат деп күтүлүп жатканын билдирди.
Ал Ирандын азык-түлүк, сүт азыктары, машина килемдери, мисте, текстиль буюмдары жана мунай химиялык өнөр жайлары Россияда жакшы рынокту тапканын, газ турбиналары жана катализаторлору да суроо-талапка ээ экенин кошумчалады.


















