Республикада бул өлкөнүн Маданият күндөрү өтөт.
Түркмөн элинин Улуттук лидери, Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов Душанбеге барат. Анын республикага иш сапары 4-апрелде күтүлүүдө.
Бул тууралуу тажик борбор калаасынын мэринин Телеграм-каналы маалымат берди. Иш сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги жолугушуу белгиленип, анда мамлекеттердин ар кайсы чөйрөлөрдөгү мамилелер талкууланат.
Ал эми эртең Тажикстанда Түркмөнстандын Маданият күндөрү башталарын өлкөнүн маданият министрлиги билдирди.

Түркмөн артисттеринин концерти жана иш чаранын расмий ачылышы 3-апрелде саат 16:00дө С. Айни атындагы мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында болот.
Көрүүчүлөрдү өздөрүнүн программасы менен опера жана балет театрынын башкы хормейстери Елена Тиллаеванын жетекчилиги астындагы хор, солисттер Манучехр Рахмонов жана Достон Холов, ошондой эле Түркмөнстандын ансамблдеринин концерттери кубанычка бөлөшөт.
4-апрелде саат 10:00дө Тажикстандын Улуттук музейинде Түркмөнстандын сүрөтчүлөрүнүн жана элдик кол өнөрчүлөрүнүн колунан жасалган улуттук буюмдардын көргөзмөсү тартууланат.
Ушул эле күнү Мамлекеттик «Кохи Борбад» комплексинде Түркмөнстандын жана Тажикстандын артисттеринин «Достук кечеси» аттуу биргелешкен концерттик программасы болот.
5-апрелде иш чаранын катышуучулары Дангара туристтик жайына барышып, ал жакта көрүүчүлөргө өздөрүнүн маданий программаларын көрсөтүшөт.



















