Дохада (Катар) Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Розмари ДиКарлонун төрагалыгы алдында биринчи жолу талиптер кирген Ооганстан боюнча үчүнчү жыйын башталды. БУУ талибдердин катышуусу алардын эл аралык таанылышын билдирбейт деп баса белгилейт.
Талибдердин катышуусу ооган аялдарынын да жыйынга чакырылбагандыгы менен коштолот. Уюм негизги жыйынга БУУнун өкүлдөрүнөн башка аялдар катышпай турганын ырастады.
Ооган өкүлү Забихулла Мужахид жолугушуунун күн тартиби өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берет деп билдирди. «Негизги жана маанилүү темалар Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөтүү жана Ооганстанда инвесторлор үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү. Башка темалар да талкууланышы мүмкүн, бирок алардын баары Ооганстан үчүн пайдалуу деп эсептелет», – деди ал.
Жыйынга 30га жакын мамлекет жана эл аралык уюмдар чакырылган.
Жолугушуунун айтылган максаты – бул жаатта эл аралык кызматташтыкты ырааттуу, координацияланган жана структуралуу кылуу жана Ооганстандын иш жүзүндөгү бийликтери менен мындан ары кандайча иштешүүнү чечүү.
Розмари ДиКарлонун айтымында, түпкү максат – өзү жана коңшулары менен тынчтыкта болгон, эл аралык коомчулукка толук интеграцияланган жана адам укуктарын, өзгөчө аялдар менен кыздарды коргоону камтыган өз милдеттерин аткарган Ооганстанды түзүү.
Бул Дохадагы мындай форматтагы үчүнчү жолугушуу. Талибдер 2023-жылдагы конференцияга чакырылбай, 2024-жылдын февраль айында аларды сындаган ооган укук коргоочуларын өлкөдөн чыгарууну жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушууну талап кылып, катышуудан баш тартышкан, бирок уюштуруучулар буга макул болгон эмес.


















