50дөн ашык ислам мамлекеттеринин башын кошкон Ислам Кызматташтык Уюмуна (ИКУ) мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министирлеринин кезексиз жыйыны Дохада өтүп жатат.
Бул жыйынга Катар, Түркия, Кыргызстан, Өзбекстан, Египет, Ирак жана Пакистандын жана башка өлкөлөрдүн министрлери катышты.
Сүйлөшүүлөр Катардын борбору Дохада Араб Лигасы (ЛАС) менен ИКУнун тышкы иштер министрлеринин кезексиз жыйыны жабык форматта өтүүдө.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жыйында Катардагы акыркы окуялар жана Газадагы соңку абал боюнча талкуу болгон.
“Тараптар Жакынкы Чыгыштагы кагылышууларды токтотууга, ошондой эле аймакта туруктуу тынчтыкты орнотууга багытталган координацияны күчөтүү жана биргелешкен кадамдарды иштеп чыгуу маселелери боюнча пикир алмашты”, –деп айтылат маалыматта.
ТАСС агенттиги маалыматына караганда, жолугушуу Дохадагы ХАМАСтын саясий бюросунун мүчөлөрүнө Израилдин чабуулуна байланыштуу макулдашылган позицияны иштеп чыгууга багытталган.
Катардын премьер-министринин кеңешчиси, Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мажид бин Мохаммед аль-Ансаринин айтымында, катышуучулар 15-сентябрда Дохада өтө турган АӨЛ жана ИКУ саммитинин жыйынтыктоочу резолюциясынын долбоорун да даярдашат.
Маалыматта белгиленгендей, араб жана ислам лидерлери Израилдин Дохадагы ХАМАСтын комплексине жасаган соккусун кескин айыптап, Катар өкмөтү менен тилектештигин билдириши күтүлүүдө. Саммиттин жыйынтыктоочу документинде ошондой эле ортомчу болгон мамлекеттердин аймагына кол салууга жол берилбестиги тууралуу жоболор камтылат.
Катардын премьер-министри жана тышкы иштер министри Мохаммед бин Абдул Рахман Аль-Танинин билдирүүсү боюнча, өкмөт кол салууну мамлекеттик террордук акт катары баалайт. Анын айтымында, чабуул ХАМАСтын лидерлери АКШнын Газа тилкесиндеги жаңжалды жөнгө салуу боюнча акыркы сунушун талкуулап жаткан учурда жасалган.




















