Депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кенештин бүгүнкү жыйынында Бишкекте коомдук транспортко жол кире акысын көтөрүү маселесинин кайрадан көтөрүлүп жатканына токтолуп, жол киренин 11 сомдон 20 сомго көтөрүлүшүнө каршы экенин билдирди.
Анын айтымында, мэрия аргумент катары Европа өлкөлөрүнүн тажрыйбасын келтирүүдө.
“Европа мамлекеттеринде орточо айлык 200-250 миң сом болсо, биздики 20-25 миң сом. Кантип алар менен салыштырууга болот? Жол кире акысы көтөрүлбөсүн деп атайын электр кыймылдаткыч же газ менен жүргөн автобустарды алгыла деп мамлекеттин да, биздин да баарыбыздын талабыбыз ушундай болгон. Бирок тилекке каршы, кайра эле ушул маселени көтөрүп жатышат. Мейли көтөрсүн, анда 11 сомдон 15 сомго көтөрүшсүн. Бирок 20 сомго чейин көтөрүп, түнкүсүн 25 сом кылуу туура эмес”, – деди Марлен Маматалиев.
Эл өкүлү бул багытта шаар мэриясы менен биргеликте атайын комиссия түзүүнү сунуштады.
Белгилей кетсек, Бишкек мэриясы коомдук транспортто жол кирени 20 сомго чейин көтөрүүнү сунуштоодо. Токтом долбоору муниципалитеттин расмий сайтында жарыяланды.
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Максатбек Сазыкулов жол кирени көтөрүүнүн зарылчылыгы эмнеден улам келип чыкканын “Кабар” агенттигине берген маегинде түшүндүрүп берди.
Анын айтымында, жол кире көтөрүлбөсө беш жылдан кийин айдоочу мекемелер банкрот болуп, эски автобустар менен калат.
“Бүгүнкү күндө күндө жол киренин өздүк наркы 19 сом 80 тыйынды түзөт. Учурда унаа тетиктери, күйүүчү май кымбаттап, айдоочулардын маянасы дагы 50 миң сомго көтөрүлдү. Ушунун баарын эсепке алганда 20 сомдун тегереги болуп жатат”, – деген Сазыкулов.
Ал жол кире көтөрүлсө шаардыктар үчүн коомдук транспортто бардык шарттар түзүлөрүн айтып, коомдук транспорт таңкы саат 5:30дан кечки 23:00гө чейин жүргүдөй график түзүлгөнүн айтты.
Сазыкулов ошондой эле жыл аягына чейин дагы 220 автобус келерин кошумчалады.




















