Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев өзүнө байланыштуу иш тууралуу парламенттин 17-январда өтчү жыйынында маалымат берет. Бул тууралуу депутат өзү маалымат каражаттарына билдирди.
Ал жыйында УКМКга суракка барганга чейин кайда жүргөнүн, эмне үчүн парламенттин имаратынан качып кеткени тууралуу да айтарын кошумчалады.
Ал эми Өзбекстандын уюшкан кылмыштуу тобунун башчысы Салим Абдувалиевге жазылган кат тууралуу маалыматы жок экенин айтты.
“Болгон маалыматты мен атайын комиссиянын отурумунда айткам. Бул кылмыш иши бир жылдан бери келатат. Мен катты көрө элекмин. Эмне жөнүндө экенин билбейм. Бирок сессияга чыкканда, 17-январда мен да эмне болуп жатканы тууралуу сурайм. Ошол отурумда толук маалымат алсаңар болот”, – деген Жамгырчиев.
Белгилей кетүүчү жагдай, 10-январда Жогорку Кеңеш Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берген. Бул маселе боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы, депутат Алишер Эрбаев Жамгырчиев 2022-жылы Өзбекстандын “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанымал жараны Салим Абдувалиевден колдоо алыш үчүн Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, ага жолукканы тууралуу маалымат бар экенин айткан.
Бул маалыматты УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев да ырастаган. Ал “чек арадан мыйзамсыз өткөн деген айып коюлган кыргыз жарандары камакка алынбай турганын” билдирип, Жамгырчиевди иш сотко өтсө, сотко келүүгө чакырган.
Жамгырчиев ага чейин чек арадан мыйзамсыз өтпөгөнүн билдирген.
Былтыр 27-декабрда башкы прокурор Курманкул Зулушев Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат сураган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен иш козголгон.
Депутаттык комиссия Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берген чечимин 9-январда жабык жыйында кабыл алган. Ошол эле күнү Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын парламенттеги иш бөлмөсүнө кирип, 2-кабаттан терезеден секирип түшүп, чыгып кеткен. Андан бери анын кайда жүргөнү белгисиз болуп жаткан.
Бирок Ак үйдүн тегерегиндеги видеобайкоо камераларына Жамгырчиевдин кантип качып бараткан учуру түшүп, ал кадрлар ошол замат эле интернет аркылуу коомчулукка тарап кеткен.



















