27–28-май күндөрү Ташкент шаарында “Борбор Азия – 2050” аттуу биринчи аймактык форсайт-семинар болуп өттү. Бул иш-чара Борбор Азиянын келечеги тууралуу биргелешип ой жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк берди. Семинардын маңыздуу жыйынтыктары жана мааниси тууралуу иш-чарага катышкан Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Данияр Сыдыков менен болгон маекти сунуштайбыз.
– Форсайт-семинардын өзгөчөлүгү эмнеде болду?
– Бул форум Борбор Азия өлкөлөрүнүн келечеги жөнүндө чогуу ой жүгүртө турган жаңы формат катары өзгөчөлөндү. Буга чейин биз көбүнчө азыркы көйгөйлөрдү талдап келсек, бул жолу биринчи ирет регион катары алдыга карай стратегиялык багытты биргелешип аныктоого аракет кылдык. Бул — чыныгы интеллектуалдык жаңылык.
– Кайсы негизги темалар талкууланды?
– Туруктуу өнүгүү, суу дипломатиясы, энергетикалык коопсуздук, транспорттук байланыш, миграция жана санариптик өзгөрүүлөр башкы темалар болду. Айрыкча эмгек миграциясы маселеси кеңири талкууланды. Регионалдык миграция борборун түзүү сунушу айтылды. Бул борбор мигранттардын укуктарын коргоо, кесиптик кайра даярдоо жана ишке орношуу маселелерин чечүүдө маанилүү кадам болмокчу.
– Иш-чаранын жыйынтыктары кандай болот?
– Форсайт-семинардын сунуштары сентябрь айында өтө турган Борбор Азия мамлекет башчыларынын саммитинин күн тартибине сунушталат. Бул форум ошондой эле экономика, суу, транспорт, миграция ж.б. тармактар боюнча өзүнчө форсайт-семинарларды уюштуруу зарылдыгын көрсөттү. Эң башкысы — регион ичиндеги ишенимди жана биримдикти чыңдоого багытталган маанилүү кадам болду.
– “Борбор Азия ишеним аймагына айланып жатат” деген пикирге көз карашыңыз кандай?

– Бул — учурда байкалып жаткан факт. Акыркы он жыл ичинде Борбор Азия мамлекеттеринин өз ара соодасы үч эсеге көбөйүп, 11 миллиард доллардан ашты. Ошондой эле саясий диалог тереңдеп, транспорттук байланыштар жакшырды, гуманитардык кызматташтык кеңейди. Мисалы, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу, Транскаспий багыты жана CASA-1000 долбоору өңдүү демилгелер аймактын бирдиктүү өнүгүүсүнө жол ачууда.
– Тышкы өнөктөштөр менен кызматташтык тууралуу эмне айтылды?
– “Борбор Азия + Бир” форматы талкууланды. Япония, Түштүк Корея, Кытай, Европа Биримдиги, Индия, Россия жана Кувейт сыяктуу өлкөлөр менен кызматташтык бар. Жаңы демилге катары “БА + Ооганстан” форматы сунушталды. Бул түштүк багыттагы туруктуулук жана жалпы рынокту өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам болуп эсептелет.
– Мындай жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүү керек деп айттыңыз?
– Бул процессти туруктуу механизмге айлантуу зарыл. Аймактык форсайт-борбор түзүлүп, ага жаштар, ишкерлер, эксперттер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тартылышы керек. Бул регионалдык биримдикти жана өз ара ишенимди бекемдөөгө чоң өбөлгө болот.
– Сиздин жеке жыйынтык кандай болду?
– Бул семинар Борбор Азия үчүн жаңы менталитеттин башталышы. Биз эми өткөндү эмес, келечекти талкуулап жатабыз. Алдыдагы мезгилде мындай иш-чараларды тармактар боюнча тереңдетип, регионалдык интеграцияга багытталган туруктуу диалог аянтчасына айлантуу керек.
– Мазмундуу маегиңиз үчүн чоң рахмат!
– Сизге да рахмат.




















