Даниянын Лолланн аралында куш тумоосунун очогу катталды. Оорунун жайылышына байланыштуу 20 миңден ашык канаттууну жок кылууга туура келет.
Бул тууралуу Даниянын Ветеринария жана азык-түлүк башкармалыгынын маалыматына таянуу менен DR басылмасы жазды. Бул маалыматты «Европа правдасы» басылмасы таратты.
Маалыматка ылайык, аралдагы Стоккемарке айылында жайгашкан үндүк фермасында куш тумоосунун жогорку патогендүү түрүн жуктуруп алуу учуру тастыкталган.
Ушуга байланыштуу 26-октябрь, дүйшөмбү күнү, 27 миң үндүк жок кылынат.
Белгиленгендей, бул бир жуманын ичинде үндүктөрдүн арасында куш тумоосунун экинчи жолу катталышы болуп саналат. Мындан тышкары, акыркы бир нече жуманын ичинде бир нече жапайы канаттуу да бул инфекцияны жуктуруп алган.
Даниянын Ветеринария жана азык-түлүк башкармалыгы үй канаттууларын же башка куштарды баккан адамдарды, айрыкча жылдын ушул мезгилинде, үй канаттууларынын жапайы куштар менен байланышына жол бербөөгө чакырды.
Буга чейин, апрель айында, Франция өлкөнүн түштүк-батышындагы эки фермада куш тумоосунун жогорку патогендүү түрүнүн очоктору катталганын билдирген.
Бул эпидемия Европанын көптөгөн өлкөлөрүндөгү канаттууларды өстүрүүчүлөргө зыян келтирди. Оору Германияда, Чехияда жана башка мамлекеттерде да катталган.
Инфекция аныкталган учурда ооруну жайылтпоо максатында жабыркаган фермалардагы бардык канаттууларды жок кылууга туура келет.
Оорунун жайылышын алдын алуу үчүн бир катар өлкөлөр үй канаттууларын сыртка, ачык асман алдында жүрүүгө чыгарууга тыюу салышкан.


















