2025-жылдын 2-июлунда Далай-лама XIV өзүнүн мураскери болоорун тастыктады. Бул лам институту мындан ары да уланарын билдирет.
Bloomberg агенттиги маалымдагандай, жаңы реинкарнацияны (кайра төрөлүүнү) таануу милдети Гаден Пходранг Далай-лама фондусуна жүктөлөт.
Буддисттик канон боюнча, Тибеттин руханий лидери боорукердиктин бодхисаттвасы — Авалокитешваранын адамдык бейнеси катары каралат.
2025-жылы Далай-лама XIV 90 жашка чыгат, бул анын мураскерлиги тууралуу кызыгуууну күчөтүүдө.
Кытай бийлиги болсо, кийинки реинкарнацияны бекитүү Бээжиндин расмий катышуусу менен өтүшү керектигин талап кылууда. Бул боюнча 2007-жылы атайын жарлык да кабыл алынган.
Ошол эле маалда, Далай-лама өзү жаңы туула турган болочоктогу бейнеси Кытайдан тышкары жерден пайда болушу мүмкүн экенин буга чейин бир нече жолу билдирген.















