23-июнь күнү кечинде Дагестандын Дербент жана Махачкала шаарында белгисиз куралчан адамдар чиркөө менен синагогага, жана Жол кайгуул кызматынын постуна кол салышты. Кол салуудан жай тургундар жана 15 полиция кызматкери набыт болду. Алты согушкер жок кылынды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.
Кол салуулардын чоо-жайы
- Дербент менен Махачкалада эки православдык чиркөө менен синагогага жана Жол кайгуул кызматынын постуна чабуул жасалганын Улуттук антитеррордук комитет билдирди.
- Кол салуудан Дербентте дин кызматкери жана Махачкаладагы чиркөөнүн кароолчусу өлтүрүлгөнүн Дагестандын Коомдук байкоочу комиссиясынын төрагасы Шамил Хадулаев билдирди.
- Дербенттеги храмга кол салуу болгон учурда ичинде адамдар болгон, бирок, алдын ала маалыматтар боюнча алар экстремисттер менен кагылышуудан качууга үлгүрүшкөн.
- Чиркөө менен синагога согушкерлердин чабуулунан кийин күйүп кеткен.
- Махачкала менен Дербенттеги кол салуудан 9 киши набыт болду, алардын жетөө укук коргоо органдарынын кызматкерлери.
- Укук коргоо кызматкерлери Дагестанда алты согушкерди жок кылышты.
- Чиркөөнүн кароолчусу Махачкаладагы Ыйык Успен кафедралык соборун аткылоо учурунда каза болгон.
- Дербенттеги синагогадагы негизги өрт өчүрүлдү; синагоганын жарымы күйүп кеткен.
- Дагестанда 15 полиция кызматкери набыт болгонун Дагестан республикасынын башчысы Сергей Меликовбилдирди.
- Дагы бир нече сааттан кийин Дербентке жакын жерде жайгашкан Сергокала айылында атышуу болду. Ал жерде кол салгандар полициянын унаасына ок чыгарып, полиция кызматкеринин бири жарадар болгон.
- Республикада антитеррордук операция режими киргизилди.
- Тергөө комитети террордук акт боюнча кылмыш ишин козгоду.
-
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Махачкала менен Дербентте болгон окуяны провокация жана диндер арасында келишпестик жаратуу аракети деп атады.
-
Дагестанда 24, 25 жана 26-июнь аза күтүү күнү деп жарыяланды.
- Дагестандагы кырдаал бийлик жана оперативдүү мекемелердин көзөмөлүндө, деп билдирди облус жетекчиси Сергей Меликов.
-
Согушкерлердин чабуулунан кийин күйүп кеткен чиркөө жана синагога калыбына келтирилет.
Жергиликтүү социалдык тармактарда синагогадагы өрттүн видеолору тарап жатат.




















